Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

CPJ тажик бийлигин журналист Гурбатини токтоосуз бошотууга үндөдү


Абдулло Гурбати
Абдулло Гурбати

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) тажикстандык журналист Абдулло Гурбатиге чыккан өкүмдү катуу айыптады. 4-октябрда тажик башкалаасынын Шохмансур райондук соту 26 жаштагы көз карандысыз журналист жана блогерди жети жарым жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.

Сот аны бийлик өкүлүнө акаарат келтирген, милиция кызматкерине күч колдонгон жана экстремисттик уюмга мүчө болгон деген негизде айыптуу деп тапты. Гурбати дооматтарды четке кагууда. Анын адвокаты апелляциялык арыз тапшырарын билдирди.

Эл аралык комитеттин аймактык координатору Гүлноза Саид “өкүм Гурбати кесиптеши Далер Имомали менен иштеген социалдык журналистиканын популярдуулугуна Тажикстан бийлиги канчалык нааразы экенин көргөзгөндөй” деп билдирди. Комитет өлкө бийлигин Гурбати, Имомали жана башка кармалган журналисттер менен блогерлерди дароо бошотууга, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Акыркы беш айда Тажикстанда жети блогер менен журналист кармалып, экөө абакка кесилген. Дагы бир нече журналист аларга жана үй-бүлөлөрүнө басым кылынганын, чөнтөк телефондорун, ноутбуктарын тартып алган учурлар болгонун, «эскертүүлөрдү» алышканын айтып беришкен.

Гурбати акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарында айрым аткаминерлерди сындап жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG