Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:04

Иран Британиянын Тегерандагы элчисине нааразылыгын билдирди


Ирандын Британиядагы элчилиги алдындагы акция. Лондон, 25-сентябрь, 2022-жыл
Ирандын Британиядагы элчилиги алдындагы акция. Лондон, 25-сентябрь, 2022-жыл

Иран Британиянын Тегерандагы элчисин чакыртып, британ расмий адамдары ислам жумуриятындагы толкундоолорго шыкакчы болууда деп айыптады. Ирандын бийлиги дээрлик үч жумадан бери уланып жаткан өкмөткө каршы акцияларды чет өлкөлөрдүн кутуму катары сүрөттөөгө аракеттенип келатат.

Митинг-демонстрациялар 16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда тутанып, бүт өлкөгө жайылган. Эл аялдардын укуктарын камсыздоодон тышкары башка саясий талаптарды да коюп жатат.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги британ расмий өкүлдөрү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө, алар жасаган билдирүүлөрдөн Лондон “Иранга каршы аракеттерге аралашкандардын бири” деп баамдаса болорун жазды.

Британ өкмөтү же элчилиги азырынча комментарий кыла элек.

Ислам жумуриятынын президенти Ибрахим Раиси 3-октябрда "кемчиликтерди" моюнга алуу менен катар элди биримдикке чакырды. Ошол эле маалда башка расмий адамдардын, анын ичинде Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи толкундоолордун артында Америка, Израил жана Батыш турат деген айыптоосун кайталады.

Коопсуздук күчтөрү нааразылык акцияларын ырайымсыздык менен басууда. Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Норвегиядагы уюм өткөн аптада маалымдагандай, акциялар башталгандан бери кагылышууларда кеминде 133 киши каза тапты.

АКШ президенти Жо Байден Вашингтон тынч акциянын катышуучуларына көргөзүлгөн зомбулукту жоопсуз калтырбасын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG