Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Төрөбаев каржы институттарын Баткендеги ишкерлерди колдоого чакырды


Куралдуу кагылышта өрттөлүп, талкаланган бала бакча. Достук айылы, Лейлек району. Сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кагылышта өрттөлүп, талкаланган бала бакча. Достук айылы, Лейлек району. Сентябрь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чакырды.

Төраганын орун басары бүгүн, 5-октябрда өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынында билдиргендей, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) аймактагы социалдык объектилерди каржылоону өзүнө алды.

Жыйында Улуттук банкка бизнес-долбоорлорго насыя берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу же өзгөртүү сунушталды. Көпчүлүк ишкерлердин күрөөгө коюлчу мүлкү жана чет элдик валютада насыя алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун эске алуу белгиленди.

Мындан тышкары Айыл чарба министрлигине дыйкандарга картошканын түшүмүн сатуу, кошумча көлөмдө кумшекер, май сатып алуу маселелерин тез арада колго алуу тапшырылды.

Аягында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондуна жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондуна, "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" коомдук фондуна бир жуманын ичинде Лейлек эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү боюнча долбоорду карап чыгуу сунушталды.

Айрым ишканаларга күн карама майын өндүрүү, базальт ташы менен жаңгакты кайра иштетүү долбоорлорун каржылоо сунуш кылынды.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяда Баткенде600дөн ашуун турак жай, социалдык жана коммерциялык объекттер жабыркаганы расмий кабарланды.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып, тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү бул тууралуу расмий билдирүү жасаган жок. Маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG