Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Султанбаев Өзгөндө президент Жапаров менен жолугушуудагы чектөөнү четке какты


Президент жолугушуу өткөрүп жаткан маалда, ондогон адам сыртта нааразылык билдирип чогулду. Өзгөн, 4-октябрь, 2022-жыл.
Президент жолугушуу өткөрүп жаткан маалда, ондогон адам сыртта нааразылык билдирип чогулду. Өзгөн, 4-октябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Өзгөндөгү жолугушуу тууралуу дооматтарга жооп кайтарды.

Ал Фейсбуктагы баракчасына "Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда. Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычынын маселелери тууралуу кеңири маалымат, суроолорго жооп берилүүдө. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Мамлекет башчы менен жолугушууга жергиликтүү тургундар киргизилбей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бардык каалоочулар этап-этабы менен жыйындар залына киргизилүүдө", -деп жазды.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдиришинче, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги президент Садыр Жапаров менен жолугушууга кирген биринчи топ чыкты. Алардан кийин дагы бир топ жолугушууга кирип кетти. Бирок ошол жерде чогулган айрым тургундар президент жабык эмес, ачык жыйын өткөрүшүн, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.

Өзгөндө өткөн аптада Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциялары өткөн. Анын алдында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул маселени парламентте көтөргөн.

"Азыр "Кемпир-Абад кетти" деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги "беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча бул маселени токтотуп турсаңар" деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президент дагы, өкмөт дагы отурган",-деген Мадумаров.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Ошол маалда президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG