Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Кемпир-Абад маселеси: Өзгөндө президент эл менен жолугуп жатат


Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.
Өзгөн. Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулгандар. 2022-жылдын 29-сентябры.

Президент Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрүүдө. "Азаттыктын" аймактагы кабарчыларынын билдиришинче, жолугушуу райондук акимчиликтин ичинде өтүп жатат жана келгендер залга толук батпагандыктан президент эл менен бир канча жолугушуу өткөрүлөрүн айткан.

Учурда акимчиликтин сыртында ондогон адам топтолуп турат жана алар президенттин эл менен жолугушуусу сыртта, ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.

Президенттин Өзгөндөгү сапары тууралуу анын басма сөз кызматы азырынча расмий маалымат тарата элек.

Өзгөндө өткөн аптада Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциялары өткөн. Анын алдында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул маселени парламентте көтөргөн.

"Азыр "Кемпир-Абад кетти" деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги "беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча бул маселени токтотуп турсаңар" деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президент дагы, өкмөт дагы отурган",-деген Мадумаров.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Ошол маалда президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG