Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Коронавируска каршы эмдөөнү күчөтүү өнөктүгү башталды


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо күчөй баштаган маалга карата коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жарыялады. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Штабдын билдиришинче, бустердик эмдөөнү мындан 3-4 ай мурун коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары ала алат. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG