Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы эмгек базарын колдоо үчүн 30 млн. доллар насыя берет


Москвадагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрация
Москвадагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрация

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек базарын колдоо долбоорун каржылоо жөнүндө” макулдашуунун долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы 3-октябрда билдиргендей, долбоор экономикалык каатчылыктын үй-бүлөлөргө тийгизген таасирин азайтуу, турмуштук оор кырдаалда калгандарды убактылуу камсыздоо, жумуш жана киреше табуу кыйынга турган топторго көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Бул максатта Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 30 млн. доллар насыя бөлөт.

Депутат Талайбек Масабиров келишимге ылайык, эмгек мигранттарына кандай жардам көрсөтүлөрүнө кызыкты.

Социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев макулдашуунун алкагында жаштардын квалификациясы жогорулатылып, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жакшыртыла турганын кошумчалады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны 2021-жылы 3,4% өскөн. Ошол эле учурда тигүү тармагы болжол менен 20-40 миңдей квалификациялуу тигүүчүгө муктаж экени айтылып келет.

Бул тармакка Өзбекстандын жарандарын алып келип иштеткен учурлар көп экени белгилүү.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG