Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Европа аннексия аракетинен улам Москвага дипломатиялык басым көргөзүүдө


Европа өлкөлөрү украин аймактарын мыйзамсыз аннексиялоо аракетине жана жасалма референдумдарга байланыштуу Москвага дипломатиялык басым көргөзүүдө.

Литва 3-октябрда Орусиянын элчисинин кызматын аткаруучу Сергей Рябоконду персона нон грата деп жарыялады. Вильнюс ал дипломатиялык статуска жат аракеттерге барып, Литванын ички иштерине кийлигишкен деп кошумчалады. Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Орусия президентинин украин аймактарын аннексиялоо жарыясына нааразылыгын билдирди.

Финляндиянын тышкы саясий мекемеси ушул эле күнү Орусиянын элчисин чакыртып, басып алынган украин жерлеринде өткөрүлгөн референдумдарды жана “мыйзамсыз аннексия жарыясын” кошуна өлкөнүн суверендүүлүгүн одоно бузуу катары айыптады.

Польшанын тышкы иштер министринин орун басары жергиликтүү TVN24 каналына берген маегинде Орусиянын элчиси чакырылганын билдирди.

Чехиянын ТИМи Орусияда Европа биримдиги жана НАТОго мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн абал начарлашы мүмкүн деп, өз жарандарын чыгып кетүүгө үндөдү.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск, Херсон жана Николаев облустарынын бир бөлүгүн аннексиялоо тууралуу документти ратификациялап берди.

Думадагы добуш берүүгө чейин Орусиянын Конституциялык соту орус армиясы басып алган аймактарды аннексиялоо жөнүндө Путин жана жикчил аймактардын башчылары кол койгон келишимди мыйзамдуу деп тапкан. Андан мурда Украинанын бул аймактарында Кремль колдогон жикчил күчтөр жасалма референдум өткөргөн.

Анын жыйынтыгын Киев жана эл аралык коомчулук тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG