Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Илон Масктын Украинада тынчтык орнотуу сунушу талкуу жаратты


Илон Маск.
Илон Маск.

Кошмо Штаттарындагы SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск Украинадагы кырдаалды жөнгө салуунун төрт шартын жарыялады. Ал Твиттердеги баракчасына анда Орусия аннексиялап алган Украинанын аймактарында Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлү астында кайра референдум өткөрүүнү, Крымды Орусиянын бөлүгү катары таанууну, бул аймакты суу менен камсыз кылып, Украинага нейтралдуу мамлекет макамын берүүнү сунуштады. Америкалык бизнесмен болбосо эки өлкөнүн жаңжалы атомдук согуш менен аякташы ыктымалдыгын эскертти. Масктын мындай сунушу жана билдирүүлөрү талаш-талкуу жаратты.

Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк согушту токтотуудагы Киевдин шарттарын жарыялады. Анда Украина Крым баштаган бардык аймагын бошотуп, Орусияны демилитаризация жана денуклеаризациядан өткөрүп, аскер кылмышкерлери эл аралык трибуналга тартууну жазды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасына “Силерге кандай Маск жагат, Орусияны колдогонбу же Украинага болушканбы?” деп суроо калтырды.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск, Херсон жана Николаев облустарынын бир бөлүгүн аннексиялоо тууралуу документти ратификациялап берди.

Думадагы добуш берүүгө чейин Орусиянын Конституциялык соту орус армиясы басып алган аймактарды аннексиялоо жөнүндө Путин жана жикчил аймактардын башчылары кол койгон келишимди мыйзамдуу деп тапкан. Андан мурда Украинанын бул аймактарында Кремл колдогон жикчил күчтөр жасалма референдум өткөргөн.

Анын жыйынтыгын Киев жана эл аралык коомчулук тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG