Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Мирлан Бакиров: "Манас" жана "Ош" аба майдандары ижарага берилген жок


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров "Манас " жана "Ош" аэропорттору 49 жылга ижарага берилгени тууралуу маалыматты жокко чыгарды. Ал 4-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комититенин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып, аба майдандарга байланыштуу сунуштар түшүп жатканын айтты.

"Бул маселе боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен "Эл аралык финансы корпорациясынын" (IFC) ортосунда келишим бар. Анда техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда башка компаниялардан дагы инвестициялык келишимдер тууралуу сунуштар түшүп жатат. Бүгүнкү күндө Түркия, Орусия жана араб өлкөлөрүнөн сунуштар түштү. Аэрпорттор 49 жылга ижарага берилгени такталбаган, туура эмес маалымат. Ар бир сунушту жумушчу топ карап чыгып чечимин жарыялайт. "Манас" акционердик коомунунун 79% үлүшүнө мамлекет ээлик кылат. Акцинердик коом ар бир сунушту карап чыкканга укугу бар",-деди Бакиров.

Ушул жылдын июнь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки аба майданды түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын билдирген. Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан.

Мындан көп өтпөй кыргыз өкмөтү YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тарткан жана Акылбек Жапаров мындай чечимге Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтыбаганы себеп болгонун билдирген.

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" эл аралык, ал эми калгандары - "Жалал-Абад", "Исфана", "Караван", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аймактык деген макамга ээ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG