Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

ЖК комитети Тилек Текебаевдин талапкерлигин министрликке жактырды


Тилек Текебаев.
Тилек Текебаев.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 4-октбярда Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди. Эми анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Президент Садыр Жапаров буга чейинки министр Эркинбек Осоевди 3-октябрда кызматтан алган. Аны менен кошо маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаевди кызматтан бошоткон.

Президенттин ушул эле күнкү башка жарлыгына ылайык, Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министринин, Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Уланбек Мамбетакунов - билим берүү жана илим министринин, Таалайбек Ибраев - энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрда пара алууга шек саналып, кармалган. 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган.

Мурдагы энергетика мнистри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Бекмурзаев кызматтан убактылуу чектелип, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG