Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

ЮСАИД чек арадагы кол салууда жабыркагандарга 8 миллион сом бөлөт


ЮСАИД.
ЮСАИД.

Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда аргасыз жер которгон тургундарга жардам ирээтинде 8 миллион сом берет. Каражат 400дөй үй-бүлөнүн гуманитардык муктаждыктарына жумшалат.

"Бул америка элинен кыргыз элине жардам. Баткендеги жүздөгөн үй-бүлө кабылган кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө багытталган эл аралык гуманитардык аракеттерге биздин салымыбыз",-деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Соната Коултер.

Бул жардам эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому жана аркылуу таратылат.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG