Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Алимжан Байгазаков: "Кумтөрдөгү" аудит толук аяктай элек


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков Кумтөр кенин текшерүү аягына толук чыга электигин билдирди. Ал бул тууралуу 4-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Президенттин тапшырмасынын негизинде биз атайын текшерүү жүргүзгөнбүз. Бүгүнкү күндө текшерүү бүтө элек, 10-15 күндүн ичинде аяктап калат. Документтерди алып, англис тилинде жазылгандарды которуп, бир ай кечигип калганбыз. Азыр кандай мыйзам бузуулар болгонун айтуу кыйын болуп жатат, бирок чындыгында ички кемчиликтер бар. Анын баарын текшерүү бүткөндөн кийин сиздерге айтабыз",-деди Байгазаков.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августтан тарта текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Башкы көзөмөлдөөчү орган "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын билдирген.

Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк 13-сентябрда камалган. Бишкектин Октябрь райондук соту аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган. Бишкек шаардык соту бул чечимди 3-октябрда күчүндө калтырды.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG