Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Замирбек Базарбеков журналисттерди залдан чыгарган судьяларды сындады


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы каралып жаткан маалда журналисттерди сот залынан чыгарып жиберген Бишкек шаардык сотунун үч судьясына байланыштуу Соттор кеңешине кайрылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Анда Бишкек шаардык сотунун судьялык коллегиясына, тактап айтканда судьялар Улан Садырбеков, Сүйүнбек Бекташов жана Жамиля Сабитовага чара көрүү сунушу жазылган.

"Бишкек шаардык сотунун Кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясында төрагалык кылуучу соттук териштирүүнү талаптагыдай жүргүзбөгөндүктөн коллегияда процессуалдык бузуулар болгон. Анда сот отурумуна катышууну каалаган журналисттерге аудио-видео жазууну жүргүзүү укуктарын жана милдеттерин түшүндүрбөстөн, аларды сот залынан чыгарып жиберген. Соттук коллегия соттук териштирүүнү процессуалдык тартипти бузуу менен жүргүзгөндүгү жана алардын аракеттери сот бийлигинин беделин түшүрүп, элдин сот тутумуна болгон ишенимин кетирип жатат", -деп жазылган Соттор кеңешине жөнөтүлгөн сунуштамада.

Бишкек шаардык соту 3-октябрда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин тергөө абагында камоо тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

XS
SM
MD
LG