Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда 155 млн. сомдук зыян келтиргени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Прокуратура “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасын” (БАМИ) текшерип, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алууда мыйзамсыз келишимдер түзүлгөнүн аныктады. Бул тууралуу 5-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, келишимде автобустар 154 млн. 827,3 миң сомго ашыкча бааланган.

"Ишкананын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, башка компаниялардын катышуусун атайылап чектеп, мыйзамда белгиленген сынакты өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD компаниясы менен 1 даанасы 91 000 АКШ доллары, жалпы суммасы 10 млн. 920 миң доллар болгон 120 даана автобус алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн", - деп жазылган прокуратуранын маалыматында.

Мындан тышкары сынактын жол-жобосу, келишимди бажылык жол-жоболоштуруу шарттары бузулганы белгиленген. Ошондой эле муниципалдык ишкананын жетекчиси жооптуу адамдар менен макулдашпай туруп, банктык кепилдикти албастан ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD компаниясына келишимдик баанын 10% же болбосо 1 млн. 92 миң доллар өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды алдын ала которуп жибергени жазылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (“Атайылап пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козгоп, тергөө амалдарын башталганы кабарлады.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемен алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG