Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

"Медиа Полиси" институту ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам кабыл албоого чакырды


Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.
Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.

"Медиа Полиси" институту президенттик администрацияга кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды. Уюм эгер бул документ кабыл алынса сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертти. Мындан улам бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө "элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин" белгиледи.

Президенттин администрация 28-сентябда ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Негиздемеде буга чейинки мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, моралдык жактан эскиргени көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш былтыр 28-июлда кезексиз жыйында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Президент Садыр Жапаров документке бир айга жетпей эле кол коюп, ал күчүнө кирген.

Жергиликтүү укук коргоочулар, Human Rights Watch сыяктуу эл аралык уюмдар сөэ эркиндигин чектерин айтып, мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык активисттер менен соттошуп, миллиондогон айыпка жыккан, журналисттер камалган учурлар бар. Мындай тажрыйба буга чейинки бийликтердин тушунда да орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG