Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Февраль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Жогорку Кеңеште "Мекенчил" депутаттык тобу түзүлдү


Элмурза Сатыбалдиев.
Элмурза Сатыбалдиев.

Жогорку Кеңеште буга чейин "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясына кирген, бир мандаттуу округдардан шайланып келген 14 депутат өзүнчө бөлүнүп чыгып, "Мекенчил" деген топко бирикти. Бул тууралуу депутат Элмурза Сатыбалдиев 6-октябрдагы парламент жыйынында билдирди жана ал бул топту жетектери белгилүү болду.

Сатыбалдиев депутаттардын бөлүнүп чыгышына аталган фракциянын буга чейинки лидери Нурлан Шакиевдин спикер болуп шайланышы жана ички өзгөрүүлөр негиз болгонун билдирди. Сатыбалдиев "Ата-Журт-Кыргызстандын" лидери болуп Бакыт Сыдыков дайындалганын маалымдады.

"Ата-Журт-Кыргызстанга" жалпысынан бир мандаттуу округдардан шайланган 18 депутат кирген. Аймактардан шайланып келген 13 депутат буга чейин "Элдик" деген топко бириккен.

Нурлан Шакиев 5-октябрда парламенттин төрагасы болуп шайланды. Ага чейинки спикер Талант Мамытов өз эрки менен кызматын тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG