Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Президент Жапаров Кемпир-Абад боюнча пикирин билдирди


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын тегерегиндеги сөздөргө жооп берди.

Мамлекет башчысы Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазды. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрүп, ошонун негизинде көлдүн жээгинен 1246 гектар жер Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

"Жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөнү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонот", - деп жазган Жапаров.

Президент этап-этабы менен тургундар менен жолугуп, жети саат бою алардын суроолоруна жооп берип, маалымат бергенин кошумчалады. Кыргызстандандан бир саниметр жер берилбегенин белгилеп, калган чек ара жерлери боюнча маалымат кийинчерээк айтыларын жана муну кыргызстандыктар кубануу менен кабыл аларын кыйыткан. Ушул маселе боюнча сын айткандарга эскертүү берип, элди козутабыз дегендерге катуу чара көрүлө турганын эскерткен.

4-октябрда президент Садыр Жапаров Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушкан. Ошол жерде чогулган айрым тургундар президент менен жолугушууга кире алабй калганын айтып, жыйынды сыртта өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өткөнүн кабарлаган.

Президенттин жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым депутаттар катышкан. Жолугушуу "өтө эмоционалдуу" өткөнүн "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев билдирген. Жолугушууга катышкан "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп, "4 миң гектардан ашыгыраак жер кеткенин" билдирди.

Президенттин бул жолугушуусунан мурда Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG