Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Ошто Кемпир-Абадга байланыштуу тургундар кайрадан чогулушту


Кемпир-Абад боюнча чогулгандар, Кызыл-Октябрь айылы. 6-октябрь, 2022
Кемпир-Абад боюнча чогулгандар, Кызыл-Октябрь айылы. 6-октябрь, 2022

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 50 чакты тургуну Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кайрадан чогулушту. Алар тийиштүү адистерди аймакка келип, Өзбекстанга берилди делген жерлерди көрсөтүп берүүсүн талап кылып жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургун Кадырбек Карабаев маалымдады.

"Чогулгандар менен милиция жолугуп сүйлөшүп жатат. Алар боз үй тигүүгө болбойт деп айтышып, түнү эл тиккен бир боз үйдү алып салышты. Бирок 50дөй тургун 1965-жылдары иштеген тийиштүү адистерди бул жерге чакырып, ошол жерлерди көрсөтүп берүүсүн талап кылып жатышат. Ошол учурда иштегендердин айрымдары азыр да бар экен, келип көрсөтүшсүн", - дейт Карабаев.

Кемпир-Абад боюнча чогулгандар 16-октябрда курултай өткөрүп, маселени талкуулай турган болушту.

Нааразы болгондор 5-октябрь күнү бир боз үй тигип, мөөнөтсүз митинг уланарын айтып чыгышкан. Түнү милиция тигилген боз үйдү буздуруп, митингти токтотууну талап кылып, боз үйдү алдырып салышкан. Бул окуяга байланыштуу Ош облустук милициясы билдирүү таратып, аталган мекеме коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү экени жазды.

4-октябрда президент Садыр Жапаров Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушкан. Ошол жерде чогулган айрым тургундар президент менен жолугушууга кире албай калганын айтып, жыйынды сыртта өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өткөнүн кабарлаган.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча 6-октябрда Фейсбукка пикирин жазып, Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагыч боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазды.

Президенттин жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым депутаттар катышкан. Жолугушуу "өтө эмоционалдуу" өткөнүн "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев билдирген. Жолугушууга катышкан "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өтүп, "4 миң гектардан ашыгыраак жер кеткенин" билдирди.

Президенттин бул жолугушуусунан мурда Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өткөн. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG