Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:39

ЖКда министрлерди дайындоого макулдук берүүдө талаш-талкуу чыкты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максүтовдү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, ал эми Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына дайындоодо макулдук берүүдө талаш-талкуу чыкты. Бир катар депутаттар жаңы өкмөт өкүлдөрүн тааныштырып, буга чейинки министрлердин иштен алынган себебин түшүндүрүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келиши керектигин айтып чыгышты. Мындан улам парламетке өкмөт башчы чакырылды.

Бул жыйында кайым айтыш чыгып, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президент менен өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов уруксатсыз сүйлөгөнүн сынга алды.

Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон. Президенттин басма сөз кызматы транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан алынганын билдирген.

Буга чейин билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган. Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG