Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Санкт-Петербургда 27 кыргызстандык мигрант тамакка ууланды


Санкт-Петербург шаары.
Санкт-Петербург шаары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык мигранттар жапырт ууланган окуя тууралуу маалымат берди. Анда "Прайдекс" курулуш фирмасында иштеген Кыргызстандын 27 жараны ооруканага жаткырылганы айтылат.

"Аталган фирма жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган жана кыргызстандык жарандар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан. Учурда ууланган жарандар Боткин атындагы инфекциялык ооруканада жатат. Алдын ала маалыматка караганда, алардын абалы канааттандырарлык. Роспотребнадзор текшерүү жүргүзүп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоодо",-деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Орусияда бир миллиондон ашуун кыргызстандык жаран жашап иштеп жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG