Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Таиландда мурдагы полиция кызматкери бала бакчада 22 наристени атып өлтүрдү


Таиланддын Борбордук иликтөө бюросунан сүрөт
Таиланддын Борбордук иликтөө бюросунан сүрөт

Таиландда 6-октябрда бала бакчага куралдуу кол салуудан бери дегенде 34 киши каза тапты, алардын арасында 22си бала. “Тайрат” гезити жазгандай, шектүү адам жергиликтүү полициянын мурдагы кызматкери болгон.

Шектүү ок атуучу курал жана бычак менен имаратка балдар уктап аткан маалда кирип барган. Ал аялын, үч баласын өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Кылмыштын себеби белгисиз. Маалыматка ылайык, шектүү наркозаттарга байланыштуу полициядан иштен кеткен.

2020-жылы февралда Таиланд армиясынын жоокери команирин жана чогуу кызмат өтөгөн эки аскерди атып, соода борборуна барып, ал жерде дагы 26 кишини өлтүргөн. Аны полиция кармоо учурунда атып салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG