Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

HRW Иран бийлигинин тынч акцияларга каршы ашыкча күч колдонгонун айыптады


Шираздагы нааразылык акциясы. 4-октябрь 2022-жыл
Шираздагы нааразылык акциясы. 4-октябрь 2022-жыл

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Тегеран бийлигин өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга ашыкча күч, репрессивдүү чараларды колдонуп жатканын айыптады.

Нааразылык акциялары 16-сентябрда Махса Амининин камактагы өлүмүнөн кийин тутанган. Адеп-ахлак полициясы 22 жаштагы студент-кызды хижабды туура эмес кийип жүргөн деп кармап кеткен. Бийлик анын жүрөгү кармап көз жумганын айтканы менен жакындары, күбөлөр жана активисттер маркум уруп сабалган деп эсептешет.

Укук коргоочулардын санагында, бүгүнкүгө чейин уланып келаткан толкундоолордо Ирандын чар тарабында кеминде 154 киши, арасында тогуз жашы жете элек бала коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты.

HRW азырынча өлтүрүлгөн 47 кишинин тизмесин түзгөнүн билдирди. Алардын басымдуусу ок жеп мерт болгон, катарында бери дегенде жети эркек бала, эки кыз жана алты аял бар.

“Ирандын бийлиги өкмөткө каршы кеңири жайылган каршылык акцияларын ырайымсыз, курал колдонуу менен басууда”, - деп белгиледи уюм шаршемби күнкү билдирүүсүндө.

Уюм эл аралык коомчулукту адам өлүмдөрү үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы үчүн аракет көрүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG