Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

“Аманат” партиясы президенттикке талапкер кылып Токаевди көргөздү


Касым-Жомарт Токаев. Павлодар, 5-октябрь 2022-жыл
Касым-Жомарт Токаев. Павлодар, 5-октябрь 2022-жыл

Казакстанда башкаруудагы “Аманат” партиясы президенттикке талапкер катары азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевди көргөздү. 6-октябрда Астанада партиянын кезексиз курултайы өттү.

Президенттик шайлоо кошуна өлкөдө 20-ноябрга белгиленген.

Шаршембиде бир катар уюмдар Токаевдин талапкерлигин жакташкан. Көп узабай Павлодар облусунда иш сапарда жүргөн президент шайлоого “кайсы бир уюмдун” атынан эмес “кеңири коомдук-саясий коалициянын атынан” ат салышса жакшы болорун билдирди. Токаевдин айтымында мындаайда өлкөдөгү реформаларды улантуу үчүн “социалдык база түптөлөт” жана “президенттин түрдүү партиялар менен бирикмелерден бирдей алыс болуу принцибин бекемдейт”.

1-сентябрда мамлекет башчы мөөнөтсүз президенттик шайлоо тууралу жарыялаган. Аны менен бирге Конституцияга киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, президент эми жети жылга шайланат.

Айрым эксперттер Токаев бул шайлоо аркылуу өз позицияларын бекемдеп алууну көздөгөнүн айтышат.

Азыркы күнгө чейин талапкер болуу ниетин билдирген төрт киши тууралуу белгилүү: “Айыл” партиясынан Жигули Дайрабаев, ОСДП партиясынан Нурлан Ауесбаев, профсоюздар бирикмесинен Мейрам Кажыкен. Польшанын жараны, теги казак Балли Мажецтин (Балжан Наурызбаева) документтерин БШК кабыл албай койду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG