Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

ЖК министрлик кызматка талапкерлерди Акылбек Жапаровсуз карап жатат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш төрт министрлик кызматка сунушталган талапкерлердин маалыматын уга баштады. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келген жок. Талапкерлерди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырууда.

Парламенттин 6-октябрдагы түшкө чейинки жыйынында Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максүтовдү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, ал эми Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына дайындоодо макулдук берүүдө талаш-талкуу чыккан. Бир катар депутаттар жаңы өкмөт өкүлдөрүн тааныштырып, буга чейинки министрлердин иштен алынган себебин түшүндүрүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келиши керектигин айтып чыгышты. Мындан улам парламентке өкмөт башчы чакырылган.

Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон. Президенттин басма сөз кызматы транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан алынганын билдирген.

Буга чейин билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган. Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG