Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Европа Биримдиги Орусияга салынган санкциялардын 8-пакетин бекитти


Европа Биримдиги Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга салынган санкциялардын сегизинчи пакетин бекитти. Документте мунайды белгиленгенден жогору баага сатып алууга тыюу салынды. Ал өлкөнүн болот продукциясынын, химикаттардын айрым түрлөрүнүн импортуна чектөө киргизилди.

Европалык компаниялар мындан ары Орусияга IT жана юридикалык кызмат көрсөтө албайт, аскердик жана технологиялык, коргонуу жана коопсуздук тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкон товарлардын “кара тизмеси” кеңейтилди.

Өлкөдөн металл продукциясынын, жыгач, кагаз, машина, жабдыктар, тамеки, ж.б. импортуна чектөө узартылат. Украинанын курамындагы Запорожье жана Херсон облустарынын орус аскерлери басып алган жерлеринде өндүрүлгөн товарларды шаркетке алып кирүүгө тыюу салынды.

Жазалоочу чаралар орус Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы жасалма референдумдарды өткөрүүгө тиешеси бар адамдарды, санкцияларды буйтап өтүүгө катышкандарды бутага алат.

Санкциялар тизмеси биримдиктин расмий журналында жарык көргөндөн кийин күчүнө кирмекчи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG