Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Мектептерди окуу китептери менен толук камсыз кылууга 1 млрд. сом керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн быйыл 65 миллион сом бөлүндү. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министрине талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Уланбек Мамбетакунов Жогорку Кеңеште билдирди.

Мамбетакуновдун айтымында, азыркы тапта электрондук күндөлүк 1340 мектепке кирип, ата-энелер бул кызматтан пайдаланып жатат.

"Окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн быйыл жалпы 600 млн. сом керек болуп жатат. Бирок китеп менен мектептерди толук кандуу камсыз кылууга жылына 1 млрд. сом талап кылынат. Азыркы тапта китеп тартыштыгын ижаралык негизде чечүүгө аракет кылып жатабыз", - деди Мамбетакунов.

Буга чейин билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган.

Сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы билим берүү тармагына 47 миллиард сом бөлүнгөнүн, кийинки жылы 64 миллиард сомго чейин көбөйтүлөрүн билдирген эле. Анда "мектеп окуучуларын ноутбук, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу" тууралуу сөз кылган.

Кыргызстанда ушул тушта 2300дөн ашык мектеп бар жана окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго чамалайт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG