Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Февраль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Сурамжылоо: Студенттердин 62% ЖОЖдордо жемкорлукка учурайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку окуу жайлардагы студенттердин 62% билим алып жаткан окуу жайында жемкорлук фактылары бар экенин билдирип, өлкө ЖОЖдорундагы коррупцияны жеңүү мүмкүн эмес экенин айткан.

Студенттердин 57% окуу жайдын администрациясы, окутуучулары тарабынан кемсинтүү, ыдык көрсөтүү жана дискриминацияга учураганын билдиришкен.

Бул маалыматтар Адам укугу боюнча жаштар бюросу менен социалдык активдүүлүк мектеби тарабынан жарыяланды.

Аталган уюм студенттер арасында "Кыргызстандагы ЖОЖ, колледж жана лицейлерде окуган студенттердин укугу" темасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого жети облустагы окуу жайда билим алган жаштар катышып, көпчүлүгү Бишкек, Ош шаары менен Чүй облусундагы студенттер болгон. Студенттердин 71% жемкорлук фактылары сессиялар учурунда болорун белгилешкен.

Укугу бузулган студенттердин 11% өз таламын талашып, тийиштүү органдарга кайрылганы маалым болду.

Кыргызстанда 2021-жылдагы Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 231 миңден ашуун студент билим алууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG