Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы франциялык Анни Эрного ыйгарылды


Анни Эрнонун китептери
Анни Эрнонун китептери

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы быйыл франциялык жазуучу Анни Эрного ыйгарылды.

"Сыйлык франциялык жазуучу Анни Эрного адамдын жеке эскерүүлөрүнүн коллективдүү чектөөлөрүн, тамырларын эрдик менен, таамай ачып бергени үчүн берилди", - деп жарыялады Швециянын академиясынын туруктуу катчысы Матц Малм.

Ал 82 жаштагы Эрно менен азырынча байланыштуу мүмкүн боло электигин кошумчалады.

Анын калеминен "Окуялар", “Уят”, “Жылдар" жана башка чыгармалар жаралган.

Былтыр АКШда жашаган танзаниялык Абдуразак Гурнах алган.

Жума күнү Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты белгилүү болмокчу. Буга чейин медицина, физика жана химия тармактарынын жеңүүчүлөрү аталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG