Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы нускама.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы нускама.

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жана тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттарына жана тармактык комитеттердин төрагаларына ушул багыттагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылды.

Юрист Аслан Кулбаев зомбулуктан жабыркаган аялдардын көбү укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдирди.

“Зордук-зомбулукка кабылгандардын 62% укук коргоо органдарына ишенбегендиктен аларга кайрылышпайт. Мыйзам долбоорунун негизги максаты – экинчи даражадагы виктимизациядан (укук коргоо органдарынын аларга болгон мамилесинен жапа чегүү) коргоо. Жабырлануучулардын укуктары ар дайым корголушу керек”, - деди Кулубаев.

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова азыркы мыйзам боюнча зордук-зомбулукка кабылган адам гана арыз жаза аларын, сунушталып жаткан өзгөртүүдө мындай укук зомбулуктун күбөлөрүнө да берилерин билдирди.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG