Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Адам укугунун абалы: саясий эркиндиктин чектелиши


Бишкекте өткөн “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү. 25-ноябрда, 2022-жыл.

10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнү. Бул күн Кыргызстанда адам укуктарына жана сөз эркиндигине байланышкан камтамачылык күчөп турган шартта белгиленүүдө.

Ушул тапта “массалык башаламандыкка” айыпталган отузга жакын саясатчы, активист, блогерлер камакта жатат. Коррупция тууралуу иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, басма сөз жана бейөкмөт уюмдарына байланыштуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору эскперттердин жана адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдардын кабатырлануусун жаратты.

Кыргыз бийлиги мындай сын пикирлер менен макул эмес. Жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга жана алардын укуктарын коргоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп келет.

Акыйкатчы: Кыргызстан полициялык өлкөгө айланууда

9-декабрда Бишкекте Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулган жыйында сүйлөп жатып, Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргызстан полициялык өлкөгө айланып баратат деген кооптонуусун билдирди. Ал акыркы кезде укук тартибин коргоо органдары адам укуктарын одоно бузган учурлар көбөйгөнүн белгиледи.

“Тилекке каршы, укук тартибин коргоо органдары аябай жаман тажрыйба баштап алышты – бирөө башкача пикир айтса эле анын бөгөт чарасы катары камакка алууну тандап жатышат. Баарын жапырт. Бир гана активисттер менен журналисттерге же укук коргоочуларга каршы эмес, бизнеске да ушундай болууда. Бизнестен да арыз-даттануулар көп. Бул бизди полициялык мамлекет кылган тенденция болуп жатат. Ошол эле кылмышкер же коррупционер деп белгилүү болгон адамды алдынан тосуп, “кызыл килем” менен киргизип жатышат тергөө абагына. Ал эми активисттерди, журналисттерди, аялдарды сүйрөп барып, күч колдонуу менен. Бул, тилекке каршы, мыйзам бузуу”, - деди өлкө омбудсмени.

Кемпир-Абад иши: камакка алынган саясатчы, активисттер

Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашык адам камалган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашык адам камалган.

Октябрдын соңунда "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлердин камакка алынышы өлкөнүн ичинде да, сырттан да айтылган камтамачылыкты күчөттү.

Human Rights Watch баштаган бир нече эл аралык уюмдар саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин жапырт кармалышын кескин айыптаган билдирүүлөрүн жасады.

Камоолордун алдында эле, тагыраагы 11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстанды Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлаган. Ага шайланган өлкөлөр адам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү боюнча глобалдык алкакта милдеттеме алат. Эл аралык уюмдар кайрылууларында, Кыргызстанга дал ушул эл аралык милдеттенмелерди эске салууда.

"Өлкө эл аралык деңгээлде адам укугун коргоо милдетин алып жатат. Бул маселени бийликтин эки өкүлү менен тең жолукканда көтөрүп, кыргыз бийлиги өз мекенинде адам укугун тебелеп-тепсеп жатканда, кантип БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болот алат деген суроону койдук”, - дейт Human Rights Watch эл аралык уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Ал өткөн айда Бишкекке келип, кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолуккан.

“Албетте, жалпыcынан алганда, азыр Кыргызстан кыйын кырдаалда, дүйнөлүк экономикалык кыйынчылыктан улам кыйналып жаткан чагы. Украинадагы согуштук абал да Кыргызстанда оор жагдайды жаратууда. Бирок мунун баары адам укугуна байланыштуу абалды курчутууга себеп боло албайт деген ойду ага айттык. Мындан тышкары, дагы бир нече маселени козгоп, былтыр кабыл алынган сөз эркиндигин чектеген начар мыйзамды, ошондой эле азыркы тапта сунушталып жаткан басма сөз жана бейөкмөт уюмдарды чектөөгө багытталган эки мыйзам долбоорун жана жакында камалган жарандык активисттер, саясатчыларга байланыштуу суроолорду бердик”.

25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайдын жыйынында дагы Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттердин маселеси көңүл сыртында калган жок. Камактагы саясатчылар тууралуу делегаттардын бири берген суроого жооп берип жатып, президент Садыр Жапаров:

“Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Алардын жеке кызыкчылыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгаргысы келген күчтөр да болгон. Чет жакта аларды шыкактап турган күчтөр бар. Баарын сот чечет. Элге бүлүк салам дегендерди сот камабаганда, эмне кылат?”, - деди.

Курултайдын резолюциясында Башкы прокуратура менен Жогорку Сотко сөз эркиндиги жана камалгандар боюнча сунуш айтылган. Анда эркин пикирин билдиргендерди саясий куугунтук кылбоо жана чек ара маселеси менен кармалгандардын ишин мыйзам чегинде карап, үй камагына чыгаруу сунушталды. Бирок бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

4-ноябрда чет өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушууда Жапаров Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулуктардын бири экенин, эркиндик көп болгондо жоопкерчилик артарын айткан. Ал Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — мыйзамдарды так сактоо жана аны аткаруу экенин белгилеген.

Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Болот Темиров.
Болот Темиров.

Адам укуктарына байланышкан дагы бир чуулгандуу окуя -Болот Темировдун Кыргызстандан күчтөп чыгарылышы болду.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алып, милиция кызматкерлери аны залдан сүйрөп алып кеткен. Ошол эле күнү кечинде күч менен Бишкектен Москвага жеткирилген.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке кагып, муну "бийликтин өч алуусу" катары баалаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча чечимди сот чыгарганын, ага чейин Ички иштер министрлиги тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура дагы бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жок экенин айтты.

Коррупцияны иликтеген журналисттин окуясы - Кыргызстандагы адам укугунун одоно бузулган бир учуру катары белгиленүүдө.

Эл аралык медиа жана адам укуктарын коргогон уюмдар, бир катар Батыш мамлекеттери иликтөөчү журналисттин Кыргызстандан күчтөп чыгарылышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. "Журналисттерди коргоо комитети" "кыргыз бийлиги көз карандысыз журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктап, ишине тоскоолдук жаратууну токтотушу керектигин" эскерткен.

"Кыргызстандын жараны, Борбор Азиядагы коррупцияга каршы эң алдыңкы иликтөөчү журналисттин депортация болушу - бул анын Орусияда мобилизация болуп жаткан маалда өмүрүн коркунучка кептеген, акылга сыйгыс, жоопкерчиликсиз жана өч алуу кадамы", - деп билдирген комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Мындай камтамачылык БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолордун билдирүүсүндө да айтылды.

"Пикир үчүн куугунтук болбошу зарыл"

Кыргызстанда тогуз айдын ичинде “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен 25 кылмыш иши козголгон.

Анын ичинен 23 иш социалдык тармактардагы билдирүүлөр боюнча ачылган.

"Мындай айыптар көп учурда бийликти сындаган активисттер менен блогерлерге коюлат", - дейт “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова.

Ал бул маалыматтар Башкы прокуратурадан алынганын белгиледи:

“Расмий маалыматтарда көрүнүп тургандай кылмыш иштеринин көбү социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр боюнча козголгон. Биз бул маселени 2016-жылы эле экстремизм жана терроризмге каршы туруу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда көтөргөнбүз. Социалдык тармактардагы пост, башкалардын билдирүүлөрүн бөлүшүү же жактыруу кылмыш ишин козгоого негиз болбошу керек. Бирөөнүн постуна жактыруу деген белгини койгондор сөзсүз эле аны менен макул дегенди билдирбейт. Мисалы, мен ал посттун алдындагы талкуудан кабардар болуп туруш үчүн деле "лайк" коюп коём. Ал эми быйыл козголгон иштердин көбү бирөөнүн билдирүүсүн бөлүшкөндөр жана ага жакты деген белгини койгону үчүн ачылган”.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүмүнө “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен шек саналып, август айынан бери тергөө абагында отурат.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 11-ноябрда сот тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Жапырт башаламандык") негизинде күнөөлүү деп табылып, беш жыл жаза чегерилген. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, активист сот залынан бошотулган. Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган эле.

Мындан сырткары бир катар активист жана блогерлерге кылмыш иши козголгон. Укук коргоочулар мындай кадамдарды кескин айыптап келет. Ошол эле кезде айрым медиа эксперттер кастык тили тууралуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтууда.

Талкууга түшкөн мыйзам долбоорлору

Президенттик администрация өткөн айда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылган күндөн тарта өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыкты.

"Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда "адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар" деген бүтүм чыгарган.

"Мыйзам долбоорунун айрым жоболору көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет. Мамлекеттик органдарга жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана кийлигишүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. ЖМКны каттоо процедурасы кыйла татаалдашмакчы, ал эми бул статус тармактык басылмаларга, веб-сайттарга да колдонула баштайт", - деген жыйынтыкка келген "Адилет" укуктук клиникасы.

15-ноябрда өткөн жыйында президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болду.

2-ноябрда Президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. "Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар жөнүндө" деп аталган бул документке ылайык, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, мамлекетке айрым уюмдарга колдоо көрсөтүү укугу берилет.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт. Мындай билдирүү эл аралык уюмдун сайтына жарыяланган. Анда HRW жаңы сунушталган мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет деген чочулоосун билдирген.

"Кыргызстандын өкмөтү жарандык коомдун ишмердигин чектеген пландарынан баш тартып, анын ордуна эркин чогулуу укугун камсыздоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткарышы керек", - деп билдирген Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Бейөкмөт уюм катары көптөгөн жылдан бери укугу бузулган кыргызстандыктарга жардамын берип келаткан "Бир Дүйнө Кыргызстан" кыймылы жана ”Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар” түйүнү билдирүү таратып, Президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилеген.

"Коммерциялык эмес уюмдар" жөнүндөгү Кыргызстандагы азыркы мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.

19-ноябрда Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүндү.

Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошкон. Уюмдун “Дүйнөдөгү эркиндик-2021” аттуу баяндамасында, жарандардын саясий укугу жана эркиндиги начарлап кеткени айтылган. 2009-жылдан бери “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарында келе жаткан Кыргызстандын көрсөткүчү 11 упайга төмөндөп, Борбор Азиядагы “эркин эмес” төрт мамлекеттин катарына кошулган.

Мунун өзү кыргыз бийлигинин адам укуктарын жана эркиндиктерин жакшыртуу, сөз эркиндигин камсыздоо боюнча аракеттери мурдакыдан дагы чабал болуп жатканын көрсөтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG