Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

Курултай улуттук көйгөйлөрдү көтөрө алабы?


Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултай. 25-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкекте миңден ашык киши катышкан Элдик курултай башталды. Бийлик жетекчилери өлкөдөгү экономикалык кырдаал, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берсе, аймактардан шайланып келген делегаттардын дээрлик баары тең өздөрүнүн жергиликтүү маселелерин көтөрдү. Кызыл чеке талаш-тартыш менен Конституцияга киргизилген Курултай институту боюнча мыйзам долбоору кабыл алына элек.

25-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда башталган Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда. Анын ичинен 924ү эркек, 148и аял. Курултайга Баткенден 71, Жалал-Абаддан 147, Нарындан 128, Оштон 179, Таластан 76, Чүйдөн 218, Ысык-Көлдөн 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 26 жана диний конфессиялардан 10 делегат шайланды. Башта курултайга 1074 делегат катышары айтылган.

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайга өлкөдөгү абал жана ички, тышкы саясат боюнча кайрылуу жасады. Президент бийлик Кыргызстанда фискалдык саясат күчөтүлүп, киреше көбөйгөнүн, 2020-жылы консолидацияланган бюджет 248 миллард сомго, 2021-жылы 313 миллиард сомго жеткенин айтты. Быйыл бул сумманы 400 миллард сомго жеткирип, кийинки жылы 500 миллард сомдон ашыруу пландалып жатканын кошумчалады. Мамлекет башчы курултай боюнча коомчулукта айтылып келген сын дооматтарга да жооп берди.

“Бүгүнкү өтүп жаткан Элдик курултай нагыз элдик жыйын экенине бир катар олуттуу себептер бар. Биринчиден, Элдик курултай институту Баш мыйзамыбызга киргизилгени маалым. Экинчиден, Элдик курултайдын мүчөлөрү жалаң гана эл ичинен шайланып келишти. Бир да мамлекеттик кызматкер жок. Бийлик органдарынын өкүлдөрүнө Элдик курултайга делегат болуп келишине биз жол берген жокпуз. Элдик жыйынга делегаттарды шайлоону эл өзү чечти. Кантип шайландыңыздар, кандай шайлоо жүрдү – өзүңүздөр күбөсүздөр. Ошондуктан буга чейин айрымдар тарабынан айтылып келаткандай, дежурлар чогулган курултай болдубу же чыныгы эл шайлап жиберген эл өкүлдөрү катышкан курултай болдубу – ага өзүңүздөр жооп беришиңиздер керек. Мен болсо бул жыйынды чыныгы Элдик курултай деп атоого толук укугубуз бар деп ойлойм”.

Садыр Жапаров ири долбоорлор тууралуу да маалымат берип “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу иштерин башталганын, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу келишимине кол коюлганын айтты. Бийликтин мындай долбоорлор үчүн чет өлкөдөн темир сатып албай өлкөдөгү темир кендерин иштетүү планы бар экенин билдирди. Бирок кайсы кендер боюнча сөз болуп жатканын тактаган жок.

Элдик курултай Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен чек арасын тактоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканда маалда өтүүдө. Баткен облусунун Лейлек районунан делегат болуп шайланып келген Гапыр Мадаминов курултайда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселени көтөрдү.

“Биздин балдарга, аялдарга, боюнда бар энелерибизге эртең ок атылбаса экен, түндө октон чочуп ойгонбосо экен деп турабыз. Бийликтин камкордугуна ыраазы болуп, шүгүр кылышыбыз керек. Бирок бул жетишсиз болуп атат. Анткени президент эртең бир да ок атылбайт деген ишеничти элге бериши керек болуп атат. Ошондо гана Баткенде, Лейлекте миграция токтойт. Айылдар бош калса чек ара эмне болот?”.

Быйыл сентябрда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан 63 киши курман болуп, расмий маалымат боюнча Тажикстан 41 жаранынан айрылды. 2021-жылдын апрель айындагы кандуу окуяда Кыргызстандан 36 адам, Тажикстандан 19 киши каза болгон. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коңшу өлкөлөр – Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны тактоо иштери боюнча мындай деди:

“Татаал болсо да чек араны чечип кен байлыктар, 7 миллион бүтүн эли менен чек арасы так мамлекетти мураска калтырып жатабыз. Келечекте бир метр жерди бербеген жаңы муунду тарбиялайбыз. Чек араны дипломатиялык, достук мамиле менен чечүү эки тарап үчүн пайдалуу. Биз саясий жылуулукту кыраакылык менен пайдаландык”.

Элдик курултайда сөз сүйлөө үчүн 300 делегат жазылды. Трибунага чыгып сөз алгандардын дээрлик баары тең өздөрү делегат болуп шайланып келген аймактардын социалдык көйгөйлөрүн, жол, суу, транспорт, жайыт, үй салуу, жер алуу маселелерин көтөрдү. Ошондой эле бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн кубаттап, аны дагы күчөтүүнү сунштагандар болду:

“Коррупцияга каршы багытыңар абдан туура. Бирок ал облустарга жетпей баягы эле ичип-жегендер уланууда. Мисалы, Нарын облусуна Русгидро салып жаткан ГЭСтен акчаны жеп кетишкен. Бул боюнча эч ким жооп берген жок. Жабылуу аяк, жабылган бойдон калды. Буга да укуктук баа берип койсоңуздар”, - деди Нарын шаарынан келген делегат Эркин Асаналиев.

Кара-Суу районунан делегат болуп келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө толук президенттик башкаруудан баш тартып, президенттик-парламентик системага өтүү сунушун берди жана ал да коррупция көйгөйүн айтты.

“Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө да ким бийликке жетпесин ажыдарга айланат экен. Ошондуктан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл. Анткени, Садыр Нургожоевич сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат? Акылбек Үсөнбекович, “Камбар-Ата-1” ГЭСин мүмкүн кошуна өлкөлөр менен салабыз” деп айттыңыз. Сиз кайсы бийлик менен гана иштеген жоксуз, канча президентти кетирдиңиз. “Камбар-Ата-1” ГЭС суунун, ГЭСтин башы. Кайсы өлкө менен чогуу салам десеңер бизди эгемендиктен ажыратып коёсуңар. Садыр Нургожоевич, коррупция менен күрөшөм десеңер депутаттарды коркутпай өзүңөрдүн командаңардан баштагыла. Аларды калкалабаңыз”.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Элдик курултайда президентке кайрылып, Кыргызстандын эгемендүү тарыхындагы өлкө жетекчилеринин кемчилигинен сабак алууга чакырды.

“Садыр Нуркожоевич, мени туура түшүнгүлө. Мамлекет кургандан берки биздин кыйналганыбызга эң биринчиден эл күнөөлү эмес. Биздин жетекчилердин – президенттердин, өкмөттүн күнөөсү”, - деди ал.

Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Бирок быйыл май айында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун четке каккан.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайды ноябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев документ жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште караларын айтты.

Курултай идеясын колдогондор 2020-жылы Конституциянын долбоору даярдалып баштаганда Элдик курултай жыл сайын президенттен отчёт алышы керек деген демилгени көтөрүшкөн. Эгерде ал колдоо тапса, өлкө башчынын иши курултайдын жыйынында канааттандырылбаса, жумуштан кетмек. Бирок ал жумшартылып отуруп Элдик курултай кеңеш берүүчү институт болуп калды.

Бишкекте башталган курултай 26-ноябрда да уланып, президенттин сөзү менен жыйынтыкталат.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында оппозиция да, бийлик да өз-өзүнчө курултай өткөргөн учурлар болгон. 2010-жылдын 23-мартында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы өткөрүлгөн. Аягында курултайдын делегаттары президент Бакиевдин өлкөнү жаңылоо боюнча күч-аракеттерин колдоого чакырган резолюция кабыл алышкан. Бирок эки жумадан кийин эле апрель окуялары болуп, Бакиев бийликтен кеткен.

2010-жылы Ынтымак курултайына катышып адам укугу боюнча маселе көтөргөн укук коргоочу Азиза Абдирасулова ал курултайга ошол кезде биринчи вице-премьер-министр болуп турган Акылбек Жапаров да катышканын эстеди. Ошондой эле бул жолку курултайда сөз болгон көйгөйлөр тууралуу буларга токтолду.

“Аймактан келген делегаттар шайланып келген жеринин көпүрө, суу маселесин айтуу тапшырмасы менен келет. Эгерде президент улуттук деңгээлдеги маселелерди да уккусу келип, аны чечүүгө аракет кылайын деген болсо бийликке сын айткандарды да чакырышы керек эле. Ошондо курултай тең салмактуу өтмөк. Иштин баары эле кошомат менен эле бүтүп калбайт да. 2010-жылы Элдик курултай делегаттар Бакиевге кошомат кылып эле туруп алышкан. Ошондо Бөдөш Мамырова жана мен сын айтып чыккам”.

Кыргызстанда Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү органы катары бекитүү демилгесин буга чейин бир катар саясий топтор жана коомдук ишмерлер көтөрүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG