Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Кемпир-Абад иши: камактагылардын жакындары тергөөгө нааразы


Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашык адам камалган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашык адам камалган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын айрымдарынын жакындары тергөө создукканын, кээ бириники такыр баштала электигин айтып, нааразы болуп жатат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай дооматтарга жооп кайтара элек.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 20дан ашык адам учурда тергөө абактарында отурат. Президент Садыр Жапаров өткөн айда курултайда аларды "ызы-чуу уюштурууга" байланыштуу айыптаган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бири, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкуловду тергөөчүлөр сурай элек. Бул тууралуу анын аялы Толгонай "Азаттыкка" билдирди жана күйөөсү менен 40 күндөн ашык убактан бери кабарлаша электигин айтты.

"Айбек кармалгандан бери тергөө иштери жүргөн жок, ал жөн эле жатат. Үйдү тинткенде эски, иштебеген, компьютерди алып кетишкен. Телефону болсо тергөөчүдө экен. Тергөө жүрүп жаткан маалда жолуктурбайт экен".

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жарандык активист Атай Бейшенбек өткөн аптада, 1-декабрда ИИМди башкы тергөө башкармалыгына биринчи ирээт сурак берген. Анын апасы Роза Калиева баласына коюлган айып негизсиз экенин билдирип келет.

"Атай жөн эле кармалып турат, ал башаламандык кылайын деген деле эмес. Ал ага чейин келиним экөөбүзгө Кемпир-Абаддын картасын көрсөтүп, "ушул жерибиз берилип кеткен атат" деген. Анан анын "Кемпир-Абад берилбейт" деген билдирүүсү чыккандан кийин эле кармап кетип жатпайбы. Уулум алар чогулган жерге деле барбаптыр, комитетине деле кошулбаптыр. Анын бир эле билдирүүсү чыккан".

Камалгандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков дагы бул иштин алкагында милицияга 1-декабрда сурак берген. Анын жардамчысы Айсулуу Кудайбердиеванын пикиринде, тергөөнүн создугуп жатканы кармалгандардын күнөөлөрүн аныктаган далилдердин жоктугу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

"Ал кармалгандан кийин биринчи жолу 36 күндөн кийин суракка алып келишти. Ушундай оор айып коюп, алардын баарын чукул кармап, үйлөрүн тинткенден кийин иликтөө, тергөө иштери тез жүрүшү керек эле. Тергөө кеч жүрүп жатканын кармалгандарга каршы фактылары жок деп түшүнсө болот. Чынында эле ал жерде, кимдир бирөөго каршы эч нерсе жок. Анткени алар чогулганда эч кандай мыйзамды бузган эмес. Чогулуу, тынч жыйындарга чыгуу, оюн эркин билдирүү Конституцияда жазылган. Эгер тергөө ушунчалык оор жүрүп жатса кармалгандарды үй камагына чыгарып деле коюшса болмок. Мисалы, Равшан Жээнбековго жалпы 11 кылмыш иши ачылган. Ал эч кайда кетпей, коомдук тартипти бузбай, соттордун баарына барып жаткан. Мен анын кармалып турганын кыйноо катары эле баалайм",-деди Кудайбердиева.

ИИМ тергөө иштерине байланыштуу айтылган дооматтарга үн ката элек. Ушул күнгө карата камалгандардын канчасы сурак берип, калгандары болсо качан тергөөгө алынып келери азырынча беймаалым.

Кемпир-Абадга байланыштуу камалгандар маселеси өткөн айда Бишкектеги курултайда көтөрүлгөн. Анда президент Садыр Жапаров бул тууралуу комментарий берип, тегөө абагында отургандарды "өлкөнүн туруктуулугун бузууга аракет кылган" деп айыптаган.

"Ошол активисттер "сиз түрмөдө жаткандар колдогон" дейт. Ооба, көпчүлүгү колдогон. Арасында акчага колдогондор да болгон. Чет өлкөдөн акча алып колдогондор да болгон. Мен аларды колунан сүйрөп барып чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактан акча алып келип, чогултуп алып "ме сага акча, ме сага бусике акча, ме сага "Портерге" акча, элди "Портерге" жүктөп кел деп жатат. Элди "Портерге" жүктөп келгидей, эл эмне аларга малбы? "Ызы-чуу салабыз, Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек деп, алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Алар жеке кызыкчылыгы үчүн, эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгарууга кызыкдар күчтөр болгон. Жеке өздөрү эле эмес, чет жактан дагы аларды шыкактап турган күчтөр бар. Биз бардыгын билебиз, эми аны сот чечет. Ушинтип элге бүлүк салам деп жаткандарды сот камабаганда эмне кылат? Башынан сылап отурабы? Биз 25-30 кишинин эмес, жети миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын карашыбыз керек да".


Кантемир Турдалиев камалгандардын бири, активист Эрлан Бекчоронун адвокаты. Анын билдиришинче, Бекчорону дагы ИИМге 1-декабрда суракка алып келишкен, бирок ал сотто гана көрсөтмө берерин айтып, суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Адвокаттын билдиришинче, тергөөчүлөр учурда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

"Көрсөтмөнү сотто гана берерин айтып, сурак берген жок. Туура эмес беренени коюп, эптеп-септеп, чампалап иш козгоп алышып, эми эмне кыларын билбей атышат. Азыр эми линвистикалык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Кафеде чогулуш болгондо буларды жаздырып алышкан экен, кимиси жаздырганын билбейм. Ошону экспертизага жөнөтүшүптүр. Өткөндө мен тергөөчү "силер ошол аудио жазууну угуп, ошолордун арасында кимдир бирөө калайман башаламандыкка чакырса ошолорду кармап, калганын кое бербейсиңерби" дегем. Алардын баарын 20-декабрга чейин камашкан. Ошого чейин аларды ары же бери кылышы керек да. Эми булар тергеп үлгүрбөй жатабыз деп анын мөөнөтүн узартышы мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы биз бөгөт чарасын өзгөрүп, үй камагына чыгаргыла" деп айтабыз".

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган жана бөгөт чаралары сотто каралып, дээлик баары 20-декабрга чейин камакка алынган. Аларга Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жапырт камоолорго Бишкектеги кафелердин биринде октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берилишине каршы жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандардын айыбын аныктаган далилдер жетиштүү экенин билдирип келет, камалгандар жана алардын жакындары мунун баарын саясий куугунтук деп аташат.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырып келет.


Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга 29-ноябрда кол койгон. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1472,83 чакырым. Анын 1170,53 чакырымы 2017-жылы такталган. Макулдашыла элек 302,29 км чек ара тилкеси калган.

Ушул айда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары күтүлүүдө. Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу мыйзамдарга эки өлкөнүн президенттери кол койсо:

  • Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат.
  • Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат.
  • Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
  • "Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын куруп бербегени үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар жер алат. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.
  • Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик.
  • 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелей станциялары бар.
  • Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик.
  • Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG