Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Депутат Шакиев Орусиянын каналдарын каржылоону токтотууну сунуштады


"Здоровье" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Елена Малышева "Биринчи каналдын" эмблемасы тагылган телефон көтөрүп турат.
"Здоровье" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Елена Малышева "Биринчи каналдын" эмблемасы тагылган телефон көтөрүп турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев Орусиянын "Биринчи канал" жана РТР телеканалдарына Кыргызстандын бюджетинен акча төлөөнү токтотууга чакырды. Мындай сунушун 2-мартта парламенттин жыйынында билдирди:

"Орусиянын эки телекомпаниясын өчүрүш керек. Аны токтотуп, жергиликтүү телеканалдарды өнүктүрүүгө шарт түзүү керек", - деди депутат.

Шакиев балдар көрүп жаткан мультфильмдердин баары орусча экенин белгилеп, тасмаларды кыргызчалоону кошумчалады.

2020-жылдагы маалыматка ылайык, Орусиянын эки каналын Кыргызстанда көрсөтүш үчүн бюджеттен 50 миллион сом төлөнөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG