Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Улуттук банк эң ири интервенциясынын себебин түшүндүрдү


Улуттук банктын башкы имараты.
Улуттук банктын башкы имараты.

Улуттук банк соңку эң ири валюталык интервенциясынын себебин түшүндүрүп, буга жылдын биринчи жана төртүнчү кварталында долларга болгон суроо-талап жыл сайын жогорулап турган сезондук көрүнүш негиз болгонун билдирди.

“Бул убакыт аралыгында, ошентип, өлкөнүн валюта рыногунда адатта чет элдик валютага айрыкча импортерлордун суроо-талабы жогорулайт”, - деп билдирди өлкөнүн башкы банкы.

Буга өнүккөн өлкөлөрдүн борбордук банктарынын монетардык саясатынын катаалдашы, аймактагы аныксыздык деңгээлинин сакталып турушу сыяктуу глобалдык факторлор менен мүнөздөлгөн тышкы экономикалык жагдай да кошумча таасирин тийгизип жатканы белгиленди.

Улуттук банк 10-январда быйылкы жылдагы алгачкы валюталык интервенцияны ишке ашырып, сатыкка 104 миллион 250 миң доллар чыгарган.

Өткөн жылы Кыргызстанда улуттук валюта сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн сегиз жолу интервенция жасалган. Сатуунун таза суммасы 295 миллион доллар болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG