Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Кемпир-Абад иши: Мадумаров сот жана прокуратураны сынга алды (видео)


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

11-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси кайра көтөрүлдү.

Сот реформасына багытталган мыйзамдар талкууланып жатканда депутат Адахан Мадумаров мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин окуясын эстеп, анын күнөөсү жоктугу аныкталганын, ал эми аны автоматчан барып кармоого буйрук бергендер жоопко тартылбаганын айтып, аны “шоу” деп сыпаттады.

Мыйзам боюнча министрди кармоого башкы прокурор гана буйрук бере аларын айткан Мадумаров прокурорлордун ушул сыяктуу иштерин соттор да колдоп берип жатканын кошумчалады. Эл өкүлү Кемпир-Абад иши боюнча камалып отургандардын маселесин көтөрдү:

“Мыйзамсыз кармалып отурган 26 кишиге прокуратура эмне десе сот ошону карап, башын ийкеп отурат жалдырап. Ошол эле соттор таңкы саат алтыда чыгарып берген болсо да актап, башын ийкеп отурат. Соттордун баарын жетелеп алыптыр булар. Кыпкызыл жалганды үйүп турса да сот ушуларды туура дейт. Кыргыз сотунан жабыркабаган жаран калган жок".

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков андай учурлар бар экенин мойнуна алып, бул жаатта анализ жүргүзүлүп жатканын айтты:

“Сот реформасы сотторго гана тиешелүү деген кээ бир түшүнүктөр болуп жатат. А сот реформасы баарына – сиз айтып жаткан прокуратурага, ошондой эле тергөө жана укук тартибин коргоо органдарына, керек болсо айыл башчыларына чейин тиешелүү. Сиз айткан сөздөрдү мен башкалардан, карапайым адамдардан да, интеллигенциядан да аябай көп угам. Ошондуктан биз азыр далалат кылып, аракеттенип жатабыз. Бардык бийлик структуралары колдоого алганда гана сот реформасы жүрөт. Колдоого алынбаса, албетте, жүрбөйт”.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев Мадумаровдун экс-министр Бейшеналиевге байланыштуу суроосуна “Ал маселе толук каралгандан кийин жооп берилет”, - деген жооп узатты.

2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген Бейшеналиевге бир нече иш козголуп, кийин кыскартылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршылыгын билдирген отуз чакты саясатчы, активист азыр камакта отурат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG