Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Таксинин баарын лицензияга өткөрүү сунушу колдоо тапкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда такси кызматын лицензиялоо сунушу Жогорку Кеңеште колдоо тапкан жок. 11-январда депутаттар такси айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген мыйзам долбоорун биринчи окууда четке какты.

“Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги сунуштап жаткан.

Эгер мыйзам колдоо тапса, такси фирма өзү үчүн лицензия алып, анын баасы бир жылга 1 миң сом болмок. Ал эми ошол фирмага кирген айдоочулар лицензияны бир жылга 500 сомго сатып алмак.

Талкуу учурунда айрым депутаттар Кыргызстанда рулу оң жактагы машиналарга жүргүнчү ташууга тыюу салынганын, ал эми таксилердин көбү оң рулдуу экенин эске алганда айдоочулар өтө көп кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал экенин, көпчүлүгү жумуш жоктугунан же айлыгы аздыгынан таксист болууга мажбур экенин белгилешти.

Буга чейинки талкууларда Ички иштер министрлиги кичи автобус менен жүргүнчү ташыгандар лицензия алып иштеп жатканын, жеңил машиналар деле киши ташый турганын, алардын да жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин белгилеген.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда расмий каттоодо 16 миң 994 такси бар, алардын 7 миң 950сү жүргүнчү ташуу менен алектенет. Фирмалардын саны 156. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG