Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

"Айылдаш эркектер кордоду". Марат издеген адилеттик


Иллюстрация.
Иллюстрация.

45 жаштагы Марат аттуу жаран үч кишиден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып, өз укугун коргоп берүү өтүнүчү менен "Азаттыкка" кайрылды. Анын айтымында, милиция бул ишти төрт жолу соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, эки жолу "курамында кылмыш жок" деген негиз менен өндүрүштөн кыскарткан. Прокуратура милициянын аракети мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.

2021-жылы 15-ноябрда болгон окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иши бир нече жолу өндүрүштөн кыскартылып, бир нече жолу кайра жандандырылган.

Жабырлануучу адилеттик издеп, мамлекет башчыга чейин кайрылган. Бирок натыйжада иш август айында "курамында кылмыш жок" деген негиз менен өндүрүштөн кыскартылган.

"Азаттыктын" студиясына Марат эжеси Жумагүл (каармандардын ысымы өзгөртүлдү-ред.) менен келди. Бирок айылдаштарынын кордугуна кабылган жигит өз башынан өткөргөн окуяны микрофонго айтып бере албай койду. Эжесинин айтымында, инисинен 10-12 жаш кичүү эркектердин үйүнө кирип келип ыдык көрсөткөнү Маратка психологиялык жактан оор сокку урган.

"Жамынып жаткан ичикти башына ороп, зордукташыптыр"

Жумагүл мындай мазактоо алардын үй-бүлөсүн азапка салганын айтып берди.

"Былтыр 15-ноябрда иним туулган күнүндө бир аз ичип алган экен. Ага чейин ичпей жүргөн. Күндүз бир топ адам менен ичиптир. Кечинде Мухамбет деген адам менен биздин эски үйүбүздөгү времянкага түнөмөй болушат. Аны диванга жаткырып, өзү полго жаткан экен. Ал жердеги эски үйдү сүрдүрүп, ордуна жаңы үй куруп жаткан элек, эч ким жашачу эмес. Булар жаңы эле жатканда сырттан күндүз чогуу ичкен дагы үч кошуна балдар кирип келиптир. Анан "экөөңөр соо эмессиңер, тиги-бу" деп шылдыңдашыптыр. Иним "оозуңа карап сүйлө" деп, анан дагы бир-эки сөз айтса керек. Тигилер "муну сүйлөй албай турган кылып коелу" деп, жамынып жаткан ичик тонду башына ороп салып, колу-бутун кармап, зордукташыптыр. Иним эсин жоготуп коюптур. Тиги диванда жатканы деле жардамга келбей, уктап жаткан киши болуп коюптур. Эсине келсе эч ким жок, денеси ооруп атканын сезгенин кийин өзү айтты. Ошол күнү үйдө иштеп жүргөн устабыз келип калыптыр. Ал бөлмөнүн үч көтөрүлө чачылганын, мунун кийимдери кан болуп жатканын, зордукташканда оорусуна чыдабай заңы да чыгып кеткен экен, ошонун баарын көрүптүр. Инимден эмне болгонун сураса, "эч нерсе болгон жок, кете бер" деп эшикти жаап алыптыр. Ошол боюнча үч күн үйдөн чыкпай камалып жатпайбы... Нарындагы сиңдим чалса, "мен өлөм, ушундай жаман иш болду, эми кантип жашайм" деп айтыптыр. Ал мага чалды. Мен шыр эле "милицияга арыз жазсын" дедим. Ошентип, 18-ноябрда арыз жазган экен. Милицияда мунун арызын кабыл алып койбой, ар кайсы суроону берип, түнкү 11ге чейин кармаптыр".


Жабырлануучу мектепте толук окубаптыр. Тамга тааныганы менен окуй албайт экен.

Эжеси милиция кызматкерлери инисинин "сабатсыздыгынан да пайдаланып, берген көрсөтмөлөрүн бурмалашкан" деген ойдо.

"Мен жумуштан суранып, 25-ноябрда Нарынга бардым. Ошол аралыкка чейин инимдин адвокаты жок экен, тиги иш боюнча бир дагы экспертиза жүрбөптүр. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисине чейин кирип, эмнеге иш жылбай жатканын сурагандан кийин гана инимдин "ишин бул тергейт" деп, Бейшекеев аттуу тергөөчүнү көрсөтүштү. Ал тергөөчү иш боюнча далил заттар экспертизага кеткенин айтты. Ошентип экспертизанын жыйынтыгын эки-үч ай күттүк. Ал ортодо инимдин ишин башка тергөөчүгө беришти".

Төрт жолу жүргүзүлгөн экспертиза

Мараттын иши боюнча соттук-медициналык экспертиза Нарын шаарындагы бюродо жүргүзүлгөн. 22-ноябрда аталган бюродо жабырлануучунун көтөн чучугунда жаракат бары, кан агуулар бар экени аныкталган. Ушул эле бюродо бул иш боюнча күбө катары өтүп жаткан төрт адамдын "зордуктоо болду" деген күнү кийип жүргөн кийимдери, ич кийимдери жана өздөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн. Экспертизанын 28-декабрдагы корутундусуна ылайык алардын кийимдеринен шектүү так аныкталган эмес. Буга нааразы болгон жабырлануучу тарап адвокаты менен чогуу соттук-медициналык экспертизаны Бишкектен өткөрүүнү талап кылган.

Ушундан улам Бишкектеги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда 9-февралдан 21-февралга чейин кайрадан экспертиза жүргүзүлгөн. Анын корутундусунда экспертизага алып келинген кийим жана ич кийимдерден канга аралаш эркек адамдын урук суюктугунун тактары аныкталганы жазылган. Ушундай эле тактар жабырлануучунун шымынан да табылганы тууралуу экспертизанын корутундусунда жазылып жүрөт.

Жабырлануучунун эжеси ушул корутундудан кийин акыйкаттык болоруна ишенген. Көп өтпөй, иш такыр башка нукта өнүккөн.

"Биз кайра-кайра прокуратурага кайрылып жүрүп, Бишкектеги республикалык экспертизага жибердик. Ал ортодо инимди Бишкектеги республикалык психиатриялык диспансерге чакырып, психиатрлардын кароосунан өткөрүштү. Муну аз жерден акылдан айныган адам кылып коё жаздашты. Багыбызга орус дарыгерлер туш келип, инимдин акыл-эси соо деген корутунду чыгарып беришти".

"Корутундуну атайын өзгөртүштү"

"Соттук-медициналык экспертизанын инимдин пайдасына чыккан корутундусу февралда эле даяр болгон экен, аны бизге айтпай, жашырып жүрүп, шектүү тараптын өтүнүчү менен жаңыдан комиссиялык экспертиза дайындап коюшуптур. Март айынын соңу эле. Аргам кеткенде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жаздым. Ошондон кийин биздин ишибизге прокуратура кийлигишти. Бирок экспертизанын биздин пайдабызга чыккан корутундусу менен тааныштырбай туруп, кайрадан республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна комиссиялык экспертизага жиберишти. Ал кезде биздин ишибиз башка тергөөчүгө берилиптир".

Үчүнчү жолу өткөрүлгөн комиссиялык экспертизанын корутундусунда жабырлануучунун кийимдеринде да, ишке күбө катары өтүп жаткандардын да кийимдеринен, ич кийимдеринен ишке байланыштуу тактар аныкталбаганы, ал эми жабырлануучунун көтөн чучугундагы жаракаттарга өнөкөт геморрой оорусу себеп болгону жазылган. Комиссиялык экспертиза кайрадан 12-майда башталып, 2-июнда, окуя болгондон дээрлик жети айдан кийин жүргүзүлгөн.


Июнь айынын башында жабырлануучулардын прокуратурага кайра-кайра даттануусунун натыйжасында иш Нарын облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Бирок көп өтпөй, 30-июнда облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү иш "курамында кылмыштын белгилери жоктугунан улам" өндүрүштөн кыскартылганын маалымдаган.

Жабырлануучулар УКМК төрагасына, башкы прокурорго жана президент Садыр Жапаровдун атына кайрылуу жазууга аргасыз болушкан. Нарын шаардык прокуратурасынын токтому менен төртүнчү жолу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Бул жолу комиссиялык - комплекстүү деп аталган иликтөөнү республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору июль айында жүргүзгөн. Комиссияны аталган борбордун жетекчисинин эксперттик иш боюнча орун басары Э.Акунов жетектеген. Бул комиссиянын корутундусунда жабырлануучу геморрой оорусу менен жабыркап келгени, алкоголду көп ичкен учурда оору күчөп, көтөн чучуктан кан агуу менен коштолору жазылган.

5-августта Нарын шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү У. Сарыбаев Кылмыш кодексинин "155-беренеси боюнча козголгон иштин курамында кылмыш жок" деген негиз менен аны сотко чейинки өндүрүштөн кыскарткан.

Жабырлануучу тарап андан кийин да акыйкаттык издеп, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Башкы прокуратурага, президентке кайрылган. Депутат Дастан Бекешев кайрылуунун негизинде башкы прокурорго кайрылуусуна октябрдын аягында жооп алган.

"Эксперттерге кылмыш иши козголгон"

Жабырлануучулардын маселесине байланыштуу "Азаттык" Башкы прокуратурага кайрылганда мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов былтыр Нарында болгон иш "курамында кылмыштын белгилери жоктугуна" байланыштуу өндүрүштөн кыскартылганын ырастады.

Бул иште соттук-медициналык экспертизаны туура эмес жүргүзүп, жалган корутунду чыгарган деген негизде эки экспертке каршы кылмыш иши козголгону маалым болду.

"Жабырлануучуларды туура эмес багыттап, жалган корутунду чыгарган Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эки экспертинин үстүнөн 10-августта Кылмыш кодексинин 364-беренеси ("Жалган көрсөтмөлөр, эксперттин корутундусу же туура эмес котормо") менен кылмыш иши козголгон. 15-сентябрда аларга айыбы угузулуп, эч жакка кетпөө тууралуу тил катынын негизинде бөгөт чарасы аныкталган. 30-сентябрда Нарын шаардык прокуратурасы айыптоо актыларын бекитип, Нарын шаардык сотуна жиберген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат".

"Жалган корутунду чыгарган" деп айыпталып жаткан эксперттер комментарий берүүгө макул болгон жок.

Марат менен анын эжеси Жумагүл президентке чейин кайрылып, төрт жолу соттук-медициналык экспертизадан өтүп, акыйкат издеп жүргөн кези.

Алар мыйзамдуулук бузулган эмес деген Башкы прокуратуранын позициясына да макул эместигин айтышууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG