Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Рим папасы бачабаздык үчүн кечирим сурады


Рим папасы Дублин аэропортунда.
Рим папасы Дублин аэропортунда.

Рим папасы Ирландияга болгон сапарында чиркөөдө жыныстык запкы көргөндөрдөн кечирим сурады. Эки жума мурун АКШнын Пенсильвания штатындагы католик диниятчыларынын жоруктарын изилдеп, ачыкка чыгарган Чоң жюринин баяндамасынан бери бул тема - расмий Ватикандын номур биринчи маселеси.

Католиктер үчүн ыйык болгон Нок мазарында сүйлөп, Рим папасы көптөн бери талкууланган чиркөөдөгү бачабаздык темасына токтолду.

- Жаш балдар жыныстык жактан кордук көрүп, балалыгы уурдалып, жүрөктөрү жараланган окуялар эч кимди кайдыгер калтырган жок. Бул жарааттар бизди күчтүү болуп, чындык менен акыйкатты издөөгө үндөйт. Мен Кудайдан кечирим сурайм, ушул чуулгандуу окуялардагы күнөөбүз жана жабыркагандарга жардам бербегенибиз үчүн.

Рим папасы жаш кезинде жыныстык запкы көргөндөрдүн айрымдары менен жолугуп, бул балээден арылуу жолдорун мындан ары катуураак издей турганы айтылды.

Анткен менен, "католик чиркөөсүнүн башчысы болгон Рим папасы диниятчыларынын мындай аракеттери тууралуу буга чейин да билген" деп архиепископ Карло Мариа Вигано аны айыптап чыкты. Анын айтымында, папа Франциск америкалык кардинал Теодор Маккариктин кылыктары тууралуу 2013-жылдан бери билип келген, бирок ага каршы эч нерсе кылган эмес.

Теодор Маккарик.
Теодор Маккарик.

Теодор Маккарик жакында эле, АКШнын Пенсильвания штатындагы католик диниятчыларынын жоруктарын Чоң жюри ачыкка чыгаргандан кийин кардиналдык кызыл топусунан ажыратылган. Алардын баяндамасына ылайык, 1950-жылдары 300дөн ашык диниятчы миңге жакын өспүрүмгө жыныстык ыдык көрсөткөн. Баяндамада "чиркөө башкармалыгы бул кылыктарды билгени аз келгенсип, аны жашырууга да аракет кылган" деп айтылат.

Мындай окуялар католик чиркөөсүнүн башка өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүндө да болгон. Алардын арасында Рим папасы барган ушул эле Ирландия. Ирландияда жыныстык ыдык жаңжалын ачык талкуулаш үчүн жергиликтүү активисттер андан жабыркагандардын сүрөттөрүн Дублиндин түрдүү таанымал имараттарына проектор менен чагылдырышкан. Бул кыймылдын уюштуруучуларынын бири – өзү да жаш кезинде ошондой ыдык көргөн Колм О’Горман:

- Чындык айтылышы керек. Католик чиркөөсү – Ватикандагы пападан баштап – балдарга, аялдарга, аялуу кишилерге ыдык көрсөтүлүп, зордукталып жатканын өзүнүн бийлигин, аброюн, акчасын сактап калыш үчүн жаап-жашырып келген. Муну ачык айтышпаса, анда эч кандай калыстык болбойт. Эч нерсе өзгөрбөйт дагы.

"Жыныстык запкы көрсөтүү" деп жалпылап айтылып жатканы менен, анын арасында кадимки эле зордуктоо, болбосо алдап же коркутуп төшөккө жатууга ынандырган учурлар да бар. "Мындай кордуктан кийин кадимки жашоону улантыш мүмкүн болгон эмес" дейт жабыркагандардын дагы бири Питер Сандерс:

- Мен тирүү калдым. Мен буларды башымдан өткөрүп, эми башка тирүү калгандары менен иштешип келатам. Бирок менин бир тууганым Майк андай нерсе менен жашай алган жок. Ал мунун баарын унутуш үчүн ичип кетти, баңгиликке азгырылды, акыры барып өлдү. Жабыркагандардын арасында башынан өткөн окуянын кесепетин көтөрө албай өлгөндөр көп. Мен муну киши өлтүрүү деп эле эсептейм.

Көйгөй тууралуу ачык айтылып, анын курмандыктары да, Рим папасы да “бул балакеттен арылуунун жолун издейм” дегени менен, азырынча эч кандай конкреттүү сунуштар айтылган жок. Анысы гана эмес, жалпы эле чиркөө бул мүшкүлдү билип, аны жашырганы тууралуу да Рим папасы үн каткан жок. Ватикандын расмий билдирүүсүндө бул ыплас көрүнүштөр илгери болгону, бирок 2002-жылдан бери андай фактылар катталбай келгени белгиленет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG