Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Сузакта имам бала зордуктоого шектелүүдө


Педофилдерге жазаны күчөтүүнү талап кылып Ак үйдүн алдында өткөн акция.
Педофилдерге жазаны күчөтүүнү талап кылып Ак үйдүн алдында өткөн акция.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ат-Чабар айылынын имамы 10 жашар баланы зордуктап жүргөн деген шек менен камакка алынды.

Райондук милицияга баланын энеси даттанган. Бул чуулуу окуяга байланыштуу облустук казыят дин кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн билдирди.

Сузактын Ат-Чабар айылынын тургуну Салима он жашар эркек баласын коңшусу зордуктап жүргөнүн айтып, 18-июнда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын "Азаттыкка" айтымында, айылдын имамы, бет маңдайлаш жашаган улгайып эле калган коңшусу уулун көптөн бери коркутуп, кордоп жүргөнүн кокусунан билип калган:

- Балама бычак такап коркутуп, бир жылдан бери ушундай иштерди кылып жүргөн экен. Баламдын ден соолугуна оңбогондой эле залал келтириптир. Доктурларга алып келдим. Алдап 50 сомдон пул берип да койчу экен. Айтпа, өлтүрүп коем деп коркутчу экен. Андай кылып жүргөнүн бирөө көрүп калып күйөөмө айтыптыр. Атасы болсо “эми коңшулар укса уят, болуптур, басты-басты кылабыз” дегенде, мен болбой милицияга бердим. Баламды ооруканага жаткыра албай жатам, Сузакка алып бардым, Жалал-Абадга бардым.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубековдун маалымдашынча, бул факт боюнча “сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” деген берене менен кылмыш иш козголду:

- Милицияга кайрылган жаран тааныш айылдашы баласына карата ыплас аракеттерди жасаганын айтып, ошол боюнча чара көрүп бергиле деп суранган. Ошол эле күнү бул арыз кылмыш китепчесине катталып, мектеп окуучусуна соттук-медициналык экcпертизалар дайындалып, топтолгон маалыматтын негизинде кылмыш иши козголгон. Ошол замат милиция кызматкерлери шектүү адамды изин суутпай кармап, далилдердин негизинде аны камакка алышты. Шектүү адам да кармалып, суракка алынып, беттештирүү иштери да жүргүзүлгөн.

Азырынча кылмышка шектүү деп камакка алынган 58 жаштагы имамдын жакындары, жактоочусу комментарий бере элек. Ал адам ажыга эки жолу барып келген экен. Облустун казысы Абдулазиз Закиров “Азаттыкка” ал имамды казыят эмес айыл өкмөтүнүн имамы дайындаганын билдирди:

- Уставдын негизинде жума намаз окулуучу мечиттин имамдарын казыят бекитет. Ал эми айылдардагы имамдарды жумушка айыл өкмөттүн имамы койот. Бул киши ошол айыл өкмөттүн имамынын буйругу менен иштеп жатыптыр. Анын туугандары менен сүйлөшсөк, эмне болгону тууралуу биздин дагы так маалыматыбыз жок деп жооп беришти. Алар мындай болбошу керек, мындай болушу мүмкүн эмес деп айтып жатышат. Жабырланган баланын чоң апасы каза болгондуктан алар ошол жакта жүрүшүптүр, ошондуктан биз аларга жолуга алган жокпуз.

Окуяга байланыштуу облустук казыят дин кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн билдирди. Казы Абдулазиз Закиров Ислам таза дин экенин кошумчалады:

- Ислам дини - таза дин. Айрым кишилердин кылык-жоругунун айынан динге көө сүрткөндөн этияттанышыбыз керек.

Ал эми Сузак айыл өкмөтүнүн имамы Гуфромидин Зухридинов кылмышка шектүү деп камакка алынган имамды дайындаганын четке кагууда.

- Мен дайындаган эмесмин. Бул буйругу жок өзү эле иштеп, намазда имамдык кылган. Азыр эми тергөө болуп жатат, ушул тергөө бүткөндөн кийин сүйлөйүнчү. Мурунку имамы Орусияга кетип калгандан кийин алты айдан бери эле ушинтип жүрчү экен. Чакан эле мечитте имамдык кылчу.

Ат-Чабар айылында 20-июнда бул чуулуу окуяга байланыштуу жыйын өттү. Айыл өкмөттүн башчысы Аваз Наралиев элди ынтымакка үндөп жатышканын айтып берди:

- Ызы-чуу чыкпасын деп чогулуш өткөрдүк. Органдын кишилери, айыл өкмөттөн катышты. Эл арасы тынч болсун, андай-мындай сөздөр болбосун, чагымга алдырбагыла, үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпесин дегендей сөздөр болду. Эми баарын сот аныктайт. Азыр ал күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айта албайбыз. Сот тактап чыгарганда гана бир нерсе деп айта алабыз. Азыр эми ал киши шектүү катары кармалып турат.

Кыргызстанда буга чейин балдардын сексуалдык зомбулукка кабылганы боюнча бир катар чуулуу окуялар катталган болчу. Мындан улам педофилдерге жазаны күчөтүү боюнча демилге да көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG