Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Таксинин баарын лицензияга өткөрүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда такси айдоочуларынын баарын лицензия менен иштөөгө милдеттендирүү каралууда. Бүгүн 13-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде Ички иштер министрлиги сунуштап жаткан “Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Эгер мыйзам колдоо тапса, фирма өзү үчүн лицензия алат, баасы бир жылга 1 миң сом болот. Ал эми ошол фирмага кирген жеке таксилер лицензияны бир жылга 500 сом төлөп сатып алат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кичи автобус менен жүргүнчү ташыгандар лицензия алып иштеп жатканын, жеңил машина менен иштегендер деле киши ташый турганын, демек, алардын да жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин белгиледи:

“Ошол эле кичи автобустардын фирмасы лицензия алат, бустарды эртең менен механик, айдоочуларды медик текшерет. Эмгек жана эс алуу тартиби деген бар. Ал эми ошолор сыяктуу эле жүргүнчү ташыган таксисттер лицензиясы жок иштеп жаткандыктан бүгүн айдоочулук күбөлүк алып, эртеси күнү иш тажрыйбасы жок жолго чыгууда киши ташып. Лицензиялоонун эң биринчи максаты – тартип. Үч жыл стажы жок кишиге биз лицензия бере албайбыз, машинасы камсыздандыруудан, техникалык текшерүүдөн өтүшү керек. Азыркы таксилердин абалын жакшы билесиңер. Алыскы жолго каттаган таксисттер бүгүн келет да, эртең кайра жолго чыгат. Аларды эч ким көзөмөлдөбөйт, эч ким жооп бербейт. А жолдо кишилер өлүп жатат. Ар бир автовокзалга жалпысынан 77 журнал ачып, келген-кеткенин каттап баштадык эле, өтө оор кырсыктар тып токтоду. Таксисттерге ыңгайсыз болуп калат дей берсек, элди кырып алабыз».

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда расмий каттоодо 16 миң 994 такси кызматкери бар, алардын 7 миң 950сү жүргүнчү ташуу менен алектенет. Фирмалардын саны 156. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG