Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

"Кыргыз адабияты дүйнөлүк тенденциядан алыс калды"


11 жылдан бери 12-декабрда өлкөдө Улуттук адабият күнү белгиленип келет. Бул дата залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана таланттуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү болгондуктан символикалуу түрдө тандалып алынган. "Азаттык" адабият күнүн утурлай бул тармактагы көтөрүлгөн көйгөйлөргө саресеп салды.

Публицист-жазуучу Мундузбек Тентимишовдун айтымында, адабият күнү улут сыймыгы аталган жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таланттуу акын Алыкул Осмоновго байланыштуу болгону менен бул эки атактуу калемгердин чыгармачылыгы тийиштүү деңгээлде изилденбей турат.

Мундузбек Тентимишов.
Мундузбек Тентимишов.

“Бул эки инсан казылып бүткүс кенч. Алыкулду бир топ жыл изилдеп, буга чейин кездешпеген көп маалыматтарды таптым. 1987-89-жылдары Ташкентте Жогорку партиялык мектепте окуп жүргөнүмдө Алыкулдун ажырашып кеткен жубайы Зейнеп Сооронбаеванын үйүнө эки жылдай барып кабарлашып жүрдүм. Эже көп нерселерди айтып берди. Сүрөттөрүн да берди. Алыкулдун китептеринин сүйүнчү нускасын да берди. Акындын жүз жылдыгына карата адабий-популярдуу “Алыкул энциклопедиясын” түздүм. Бирок дагы изилдеш керек. Сыймыгыбыз болгон Чыңгыз Айтматовдун да өмүрү-чыгармачылыгы терең изилденип, талданышы керек. Интернетте болсо он эле пайыз маалымат бар. Алар да "баланча китеби мынча мамлекетте басылды, мынча тилге которулду" деген мааниде. Талдап берген кызыктуу маалыматтар эң биринчи кыргыз окурмандарынын өзүнө керек да. 1-класстан 11-класска чейинки окуучулардын адабият, кыргыз тил китебин карап көрсөм, Алыкул эки эле жерде, Айтматов төрт эле жерде эскерилет экен. Орус адабиятын карасак, ар бир класста Пушкин, Лермонтов, Есенин, Маяковский, Толстойлор турат. Алыкул, Чыңгыз деп кыйкырганыбыз менен ушундай маселе көп”.

"Дүйнө адабияты да кризисте"

Адабиятка байланыштуу айтылган көйгөйлөрдүн арасында "өлкөдө китеп окулбай калды", "окурмандардын табити талкаланды" деген пикирлер бир топ жылдан бери айтылып келет.

Адабиятчы Эсенбай Нурушев мындай кризисти бир гана улуттук адабият эле эмес, дүйнө адабияты башынан кечирип жатат деген пикирде.

Эсенбай Нурушев.
Эсенбай Нурушев.

“Менин көз карашымда дүйнөлүк адабияттын өзү деле көп бааланбай калды. Дүйнөлүк адабият өзү кризисте турат. Илгеркидей чоң жазуучу чыгабы деп илгери үмүт менен жашап, аларды пропаганда кылгандар деле болбой калды. Азыр ар ким өз казанында кайнап атат. Дүйнөлүк прозада, поэзияда болуп жаткан тенденциялардан азыр көбү кабарсыз. Мындай кылыш керек же тигиндей кылыш керек деп да көрсөтмө берүү кыйын. Бул заман агымына жараша болот экен”.

Ал эми адабиятчы Ризван Исмаилова жакшы чыгармалар кайсы мезгил болбосун жараларын, бирок учурдагы кырдаалдан улам авторлор элге жеткире албай жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

Ризван Исмаилова.
Ризван Исмаилова.

“Азыр да мыкты чыгармалар жазылып жатса керек. Бирок анын авторлору элге жеткире албай жатышы мүмкүн. Ушул эле маалда азыр бизде өзүнүн өткөн күнүн жазган мемуарлар да көбөйдү. Коомдук ишмерлердин портреттерин айга-күнгө теңеп жазган мактоо китептер көбөйдү. Аларды чет өлкөнүн мемуарларына салыштырсаң, асман менен жердей айырма бар. Ошондуктан бир беткей мактоолор окурмандын жүрөгүнө жетпей жатат. Адабиятка сөзсүз түрдө реалдуу мамиле жасалышы шарт. Адабият чыныгы турмушту чагылдырышы керек. Адабий чыгарма болгону окурманга “бул жакшыбы же жаманбы?” деген суроону калтырышы керек. Азыркы айрым жаш жазуучулардын чыгармаларын окуп мурдагы эле инерцияны, мурдагы эле жазуу манерасын көрөм. Ар ким өзүн жазганы туура. Бирок изденип, чыгармалардын идеялык маңызын интерпретация кылып ача билсе, анда сонун адабий чыгарма жаралмак”.

Эл аралык уюмдун көмөгү

Кыргызстанда китеп чыгаруу ишинде мамлекет менен жазмакерлердин ортосунда кандайдыр бир расмий келишимдер жок. Акын-жазуучулар жазган эмгектерин жеке каражатына же болбосо меценаттардын, айрымдары эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен чыгарып келет.

Китеп жаатында иштеген адистердин айтымында, учурда өлкөдө басылып чыккан китептердин нускасы миңден ашкандары сейрек.

Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев учурда уюмдун кыргыз адабиятын колдоо максаттары бар экенине токтолду:

Султан Раев.
Султан Раев.

“2022-жылы бир топ долбоорлорду ишке ашырдык. Биринчи жолу кыргыздын жаш акындарынын антологиясын чыгардык. Мындан сырткары биздин уюмдун колдоосу менен Чыңгыз Айтматов, Жолон Мамытов тууралуу китептер жарык көрдү. Төлөгөн Касымбековдун бир романын басып чыгардык. Учурда Атантай Акбаров, Топчугүл Шайдуллаева, Мамат Сабыров, Бурулкан Сарыгулова баштаган бир катар кыргыз акын-жазуучуларынын китептери жарык көрүү алдында турат. ТҮРКСОЙ буга чейин музыкалык жанрларга басым жасап келсе, мындан ары түрк дүйнөсүнүн маданиятынын бардык тармактарын жандантабыз. 2023-жылы да түрк дүйнөсүнүн адабиятына анын ичинен улуттук адабиятка өзгөчө көңүл буралы деп турабыз. Түрк элдери менен адабий байланыштарды чыңдоо максатыбыз бар. 2023-жылдын апрель айында Түркиянын Кастамону шаарында жаш акындардын фестивалын, Азербайжанда түрк дүйнөсүнүн жазуучуларынын форумун өткөрөбүз. Айтматовдун 95 жылдыгына карата да бир нече иш-чараларды түрк мамлекеттеринде өткөрүүнү пландап жатабыз. Мындан сырткары, акын-жазуучулардын көп тараптуу жолугушуулары өңдүү бир катар долбоор, иш-чаралар бар”.

Өлкө башчынын убадасы

Адабият күнү белгиленгенге чейин Улуттук жазуучулар союзу коммуналдык төлөмдөргө болгон 1,5 миллион сомдук карызын төлөө, материалдык жана техникалык базасын чыңдоо жана улуттук адабиятты колдоо максатында марафон өткөрдү.

Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракуновдун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, коомдук ишмерлердин, чыгармачыл чөйрөнүн кол сунуусу менен марафонго 300 миң сомго жакын каражат түшкөн.

Керимбек Кадыракунов.
Керимбек Кадыракунов.

“Жазуучулар союзунун мурунку жылдардан 2019-жылдын башына чейин чогулуп келген бир топ карыздары бар болчу. Уюмдун өзүнө тиешелүү да имарат жок. Ошондуктан жогорудагы карыздар имарат акысына кеткен төлөмдөрдөн, коммуналдык-чарбалык төлөмдөрдөн жыйылган. Ушул маселени чечүү оор болуп келген. Себеби биздин союз мамлекеттен каржыланбайт жана сырттан да акча бөлүнбөйт. Карыздарды кандай жол менен төлөө жолун ойлондук да марафон өткөрүүнү чечтик”.

Кадыракунов марафон өткөрүү аргасыз чечим болгонун кошумчалады. Анын айтымында, Улуттук жазуучулар союзу жайгашкан азыркы имарат КРнын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына карайт. Карыздар төлөнбөгөндүктөн мындан 4-5 жыл мурда сот отуруму болуп, имаратты бошотуп берүү чечими да чыккан.

Бирок марафонго чейин Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун кечесинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов президент Садыр Жапаровдун чечими менен Улуттук жазуучулар союзунун 1 млн. 500 миң сомдук карызы кечилип, чыгармачыл адамдар үчүн жаңы имарат курула тургандыгын жар салган.

Мындан улам Жазуучулар союзунун марафон уюштурганы чыгармачыл чөйрөдө ар кандай кабылданды.

Жазуучу Дүйшөн Керимов чыгармачыл бирикме уюштуруучулук деңгээлдин жоктугунан ушундай абалга кептелгенин белгиледи.

Дүйшөн Керимов.
Дүйшөн Керимов.

“Бул кубаныч эмес намыстанчу иш болду. “Манасты” жаратып, Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновду уядан учурган кыргыз адабиятынын акча сурап калганы аны башкарып отурган кишилерге да намыс болушу керек эле. Мен жеке уялганымдан жер карадым. Мамлекет жасаш керек дейбиз, мамлекет жетекчилери туруксуз болсо кимге таарынабыз? Качып кеткенине таарынабызбы же түрмөгө түшкөнүнөбү? Туруктуу бийлик көрбөсөк, кимге күнөө оодарабыз? Демек, күнөө өзүбүздө. Анткени уюштуруучулук жөндөм жок. Азыр заманбап иштерди жасай турган менеджерлик сапатты билбейбиз”.

Учурда өлкөдө Улуттук жазуучулар союзуна мүчө болгон 500 дөн ашык акын-жазуучулар бар.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG