Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

“Алтын калемдин” жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды


Акын, драматург Алтынай Темировага сыйлык тапшыруу учуру. 12-декабрь, 2022-жыл. Бишкек
Акын, драматург Алтынай Темировага сыйлык тапшыруу учуру. 12-декабрь, 2022-жыл. Бишкек

“Алтын калем” адабий сыйлыгы проза жанрында жазуучу жана адабият таануучу Абдыкерим Муратовго, драматургия боюнча акын, драматург Алтынай Темировага жана поэзия боюнча акын Нарсулуу Гургубаевага тапшырылды.

12-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өткөн иш-чарада жеңүүчүлөрдүн ар бирине 100 миң сомдон акчалай байге берилди.

Улуттук жазуучулар союзунун маалыматына караганда, конкурстук негизде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча сегиз автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанрында 19 автор катышты.

12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келип, залкар акын Алыкул Осмонов каза болгон. Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь - Улуттук адабият күнү деп белгиленген.

Улуттук жазуучулар союзу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте 2021-жылы “Алтын калем” сыйлыгын уюштурган. Бул сыйлык быйыл экинчи жолу тапшырылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG