Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Кемпир-Абад иши: Акматов менен Капаровдун абактагы мөөнөтү узартылды


Айданбек Акматов Бишкектин Биринчи май райондук сот залында, 24-октбярь, 2022-жыл.
Айданбек Акматов Бишкектин Биринчи май райондук сот залында, 24-октбярь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан журналист Айданбек Акматов менен жарандык активист Чыңгыз Капаров 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калышты.

Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда чыгарды.

Мунун алдында райондук сот активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевди да кийинки жылдын 20-февралына чейин камакта калтырган. Ушул эле иш боюнча үй камагына алынган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы 20-февралга чейин узартылган.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматованыкы 20-февралга чейин узарган.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция алардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG