Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Кемпир-Абад иши: үч адамдын камактагы мөөнөтү узартылды


Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен өткөн акция. Ноябрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуу талабы менен өткөн акция. Ноябрь, 2022-жыл.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды. Ушул эле иш боюнча үй камагына алынган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы кийинки жылдын 20-февралына чейин узартылды.

Мындай чечимди 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы карала баштады. Алар 23-28-октябрь күндөрү кармалып эки айга камалган. Мыйзам боюнча тергөөчү бул мөөнөт бүтөрүнө беш күн калганда шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтүн узартуу же үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч бериши керек.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 2023-жылдын 23-февралына , Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калтырылган.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG