Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Иранда дагы бир активист дарга асылды


Иранда кармалган активисттердин бири сот отурумунда.
Иранда кармалган активисттердин бири сот отурумунда.

12-декабрда Иранда "коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкерин өлтүргөн" деп соттолгон Мажидреза Рахнавард эл алдында дарга асылды. Ушуну менен бир жумага жетпеген убакыттын ичинде өкмөткө каршы демонстрацияларга байланыштуу экинчи өлүм жазасы аткарылды.

Сот бийлигинин Мизан маалымат агенттиги кабарлагандай, Мешхеддин революциялык соту аны "Кудайга каршы согуш ачкан" деп айыптагандан кийин жазага тартылды. Рахнавард ноябрдагы нааразылык акциялары учурунда Басиж аскердик полициясынын өкүлдөрүнө бычак сайган деп кармалган эле.

8-декабрда күч кызматкерин жарадар кылган деп айыпталган активист Мохсен Шекариге "Кудайга каршы согуш ачкан" деген кине тагылып, дарга асылган.

Ирандын революциялык соту жарандарга адвокат тандоого, аларга каршы далилдерди көрүүгө уруксат бербей жатканы үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келет.

Ирандагы нааразылыктар сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кызды хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн полиция кармап кеткенден кийин каза болгондо өлкөдө жапырт нааразылыктар жаралган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти.

Иран бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен басууда. Адам укугун коргоочулардын HRANA маалымат агенттиги 500гө жакын адам өлгөнүн, 19 миңдейи кармалганын жазды. Ошондой эле 61 коопсуздук кызматкери каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG