Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Балдардын ишеним телефонуна 95 миңге чукул кайрылуу болду


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жыл башынан бери балдардын ишеним телефонуна 94 579 кайрылуу болгон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги маалымдады.

Кайрылгандардын 25% балдар, 74% ашыгы чоңдор экени аныкталды. Көпчүлүк арыздануучулар социалдык жөлөк пул маселеси менен чалышкан. Балдар менен ата-энелер ортосундагы мамиле боюнча кеңеш сурап кайрылган 302 адамдын 182си балдар. Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар.

Балдарга багытталган 111 кыска номурлуу ишеним телефону Кыргызстанда 2015-жылы сентябрда бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен ачылып, иштей баштаган. Орто эсеп боюнча ишеним телефонуна күнүнө 200дөн ашуун кайрылуу болууда.

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматына караганда, өлкөдө жашы жете электерге карата зомбулук жана күч колдонуу көрсөткүчү жогору бойдон калууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG