Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

ИИМ Темировду чыгарууга кеткен каражат тууралуу түшүндүрмө берди


23-ноябрь. Журналист Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу сот чечиминен кийинки көрүнүш.
23-ноябрь. Журналист Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу сот чечиминен кийинки көрүнүш.

Журналист Болот Темировду депортациялоого кеткен каражат мамлекеттик бюджеттен алынганын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында кабарлады. Ал Темировду өлкөдөн чыгарууга кеткен каражатка байланыштуу Ички иштер министрлигине жазган катына жооп алган.

Министрликтин түшүндүрмөсүндө 23-ноябрда соттун чечимин ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен "Авиа Трафик" компаниясынан "Бишкек-Москва" каттамы боюнча билет алынганы жазылган.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин коштоосунда өлкөдөн чыгарылган.

Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти депортациялоо тууралуу чечим чыгарган.

ИИМдин маалыматына караганда, быйыл өлкөдөн 13, былтыр 19 чет элдик жаран депортацияланган.

Алардын баары жол киресин өздөрү төлөгөн. Депортациялангандардын көпчүлүгү Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын жарандары. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG