Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Астана дээрлик 18 миң этникалык казакка кандаш макамын берди


Түркмөнстандан Казакстандын Мангыстау облусуна келген казактар.
Түркмөнстандан Казакстандын Мангыстау облусуна келген казактар.

Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2022-жылдын башынан 1-декабрга чейин тарыхый мекенине 17 888 этникалык казак кайтып барып, кандаш (кандас) макамын алганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын теңинен көбүн Өзбекстандан келгендер түзөт. Ошондой эле Орусиядан, Түркмөнстандан, Кытайдан, Монголиядан жана башка өлкөлөрдөн келгендер бар.

Этникалык казактардын дээрлик 60% ишке жарамдуу курактагы кишилер.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, 1991-жылдан бери Казакстанга 2 миллионго жакын казак кайтып келген.

Ноябрдын аягында Эмгек министрлиги 2023-жылдан тарта Казакстандын жарандыгын алуу үчүн мамлекеттик тилден сынак тапшыруу керектигин билдирген. Сынак тапшырууда чет элдик казактарга жеңилдик берилери кабарланган.

Тырыхый мекенине кайтып барган казактарга мурда "оралман" макамы берилчү. Кийин ал "кандаш" деп өзгөртүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG