Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ооганстан-Пакистан чек арасындагы кагылышта алты киши өлгөнү кабарланды


Пакистан менен Ооганстанды байланыштырган Чаман пункту.
Пакистан менен Ооганстанды байланыштырган Чаман пункту.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы куралдуу кагылышта алты киши өлүп, 17си жараат алганын Машал радиосу расмий маалыматтарга таянып кабарлады. Окуя Пакистандын Белужистан аймагын Ооганстандын Кандагар аймагы менен байланыштырган Чаман пунктунда болгон.

Мурдараак Чаман ооруканасынын башчысы доктор Абдул Малик маалымат каражаттарына окуяда кеминде төрт жайкын тургун набыт болуп, 16сы жараат алганын билдирген. Ошол эле учурда Кандагардагы булактар Машал радиосуна кагылышууда эч ким каза болбогонун кабарлашкан.

Пакистан армиясы "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган)өкмөтүнүн чек ара күчтөрү Чамандагы "жай тургундарды ылгабай аткылашканын" кабарлоодо. Армиянын коомчулук менен байланыш кеңсеси пакистандык аскерлер жарандарды коргоо үчүн “туура, бирок кылдат жооп” бергенин билдирди.

Исламабад "Талибан" бийлиги менен байланышып, келечекте мындай окуяларга жол бербөө үчүн "катуу чара көрүүнү" сураганы айтылат расмий маалыматта.

"Талибан" өкмөтү буга комментарий бере элек. Машал радиосу Пакистан бийлигинин билдирүүлөрүн жана дооматтарын өз алдынча текшере албайт.

XS
SM
MD
LG